100дөн ашуун кытайлык этникалык кыргыздар Ош шаарына келишти

100дөн ашуун кытайлык этникалык кыргыздар Ош шаарына келишти

Ош шаарына 100дөн ашуун кытайлык кыргыздар келишти. Алар 18 күн бою Кыргызстандын аймагын кыдырып чыгууну пландап жатканын Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришти.

 

Кытайдын Кызыл-Суу автономиялык облусунун Тегирмет айылында жашаган Нургул Токтомамбет 51 жашында биринчи жолу Кыргызстанга келди.

 

«Менин туугандарым ошол жакта отурукташып калышкан. Биз Хансу уйгурлар менен бирге жашайбыз. Каада-салттарыбыз уйгурларга окшошуп бара жатат. Өзүбүздүн салтыбызды да катуу сактап келе жатабыз.

 

Кызды узатууда кадимкидей калың алып, сеп берип, бир үйдү толтурабыз. Кыздардын калыңы 100 мүңкөй (100 миң сомдун тегереги, мүңкөй — уйгурлардын акча бирдиги).

 

Менин 6 балам бар. 5 балам жогорку билимдүү болду. Кыргызстанга биринчи ирет келишим. Аябай жакты. Биз жакта деле шарттар жакшы. Шаарыбыз окшош, бирок бизде көк чөптөр аз, көбүнчөсү какыраган жер. Бул жактын абасы да, жаратылышы дагы жакты. Мен туугандарым менен келдим. Жолдордон боз үйлөрдү көрүп келе жатабыз. 18 күн бою өлкөнү кыдырып, таанышып чыгабыз», - дейт Н.Токтомамбет.

 

Et Kg Kytaq 1 Et Kg Kytaq 2
Et Kg Kytaq 3 Et Kg Kytaq 4
Et Kg Kytaq 5 Et Kg Kytaq 7

 

Жамек Алтымыш дагы Кыргызстанга алгач ирет келди. Аны өлкөнүн жайыт жерлери таң калтырган.

 

«Өз өлкөңдү көргүң келет. Мен дагы быйыл атайын ата-бабаларым басып өткөн жерди көрүүнү максат кылып келдим. Кыргыз жери өтөө кооз экен. Табияты мага өзгөчө жакты. Малга жайыт жери өтө кеңири экен», - деди Жамек Алтымыш.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены