Тоолуу Бадахшанга чет элдиктерге кирүүгө тыюу салынды

"Азия инфо" агенттиги билдиргендей, Ооганстандагы кооптуу кырдаалга байланыштуу Тоолуу Бадахшан автономдуу облусуна виза берүү убактылуу токтотулду.

 

Мургаб районунда жана облустун башка аймактарында туризм климаты оор аймак үчүн маанилүү тармак болуп саналат. Жаштар, спорт жана туризм комитетинин төрагасынын орун басары Ризо Назарзода кырдаал оңолсо, чет элдиктерге виза берүү кайра башталат деп ишендирди.

 

National geographic traveler журналы Памирди быйыл дүйнөдөгү эң кызыктуу 10 туристтик жердин тизмесине киргизген эле. Комитеттин маалыматына ылайык, Тажикстанга келген бардык туристтердин 80 пайызы Тоолуу Бадахшанга туура келет. Алар көбүнесе Ош аркылуу Мургабга барып, андан ары Хорог менен Ооганстан, Пакистан жакка өтүп кетишет.