Тажикстан кар көчкүсүнүн кесепеттерин жоюуга жардам суроодо

Тажикстан кар көчкүсүнүн кесепеттерин жоюуга жардам суроодо

Тажикстан ТИМи өлкөнүн тоолуу аймактарындагы кар көчкүлөрдүн кесепеттерин жоюуга жардам берүү чакырыгы менен дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана эл аралык уюмдарга кайрылды. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

 

Мекеменин маалыматына караганда, кар көчкү түшкөн жерлердеги куткаруу жана алдын алуу иш-чаралары үчүн ири суммадагы каражат талап кылынууда. Андан сырткары техника менен атайын жабдуулар, курулуш материалдары, күйүүчү-майлоочу май, азык-түлүк товарлары, дары-дармек жана медицина каражаттары керек. Ошондой эле көчкүдөн жана селден коргоо үчүн тосмолорду тургузуу, суу жээктерин бекемдөө иштерин аткаруу зарыл.

 

 

Учурда тажик өкмөтү зыянга учураган инфраструктураны калыбына келтирүү иштерин баштады.

 

30-январда Тажикстандын чыгыш жана түндүк аймактарындагы кар көчкүлөр адам өмүрлөрүн алып, ондогон калктуу конуштарды камакта калтырган. Учурда Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун Рушан жана Шугнан аймактарындагы кар көчкүдөн улам жабылган Дүйшөмбү-Хорог-Мургаб автожолундагы абал оор бойдон калууда.

 

Тажикстанда күз жана кыш мезгилинде тоолуу аймактарга нормадан 140-170 пайыздан ашык жаан-чачын жааган. Буга байланыштуу табият кырсыктары тооруп турат. Өлкөнүн гидрометборборунун маалыматы боюнча февралда дагы жаан-чачындын нормадан көп түшүүсү күтүлүүдө.