Швейцарияда Памир көпүрөлөрүнө акча топтолот

Февраль, март айларына пландалган акцияларда Тажикстандын бийик тоолуу аймактарындагы көпүрөлөрдү оңдоп, жаңыларын куруу үчүн каражат чогултулат. Акча топтоо кечелери Кыргызстандагы "Ала-Тоо Кэмп" бейөкмөт уюмунан Раш Оболбеков, Тажикстандын Мургаб кыргыз районунан туризм жаатында иш алып барган Сайдалы Койбулдаев менен Кубан Козубековдордун катышуусунда үч шаарда өтөт.

 

Швейцариядагы "Памир көпүрөлөрү" деп аталган коммерциялык эмес уюм уюштурган кечелерде Серж Мюстун Кыргыз көчмөндөрү тууралуу, Омор Бөрүбаевдин «53-көпүрө» деген өңдүү даректүү тасмалары көрсөтүлөт. «Памир көпүрөлөрү» уюму "Ала-Тоо Кэмп” менен бирдикте акыркы он жылда Кыргызстандагы 50дөн ашык көпүрөнү куруп, оңдогон.(JCH)