Райондун төрагасынын жаңы орун басары

Raion orun basМургаб районунун төрагасынын социалдык тармакты тейлеген орун басары апмашты. Бул кызматты мурда иштеп келген Б.Имомербекованын пенсияга чыккандыгына байланыштуу, райондун төрагасынын бул тармакты тейлеген орун басарлыгына Ражабова Хусниябону Хукуматшоевна дайындалды.

 

Ал буга чейин Мургаб районунун аппаратынын жалпы бөлум башчылыгында иштеп келген. Ражабова бир катар жылдардан бери Мургаб райондук аткаруу органында аялдар жана үй-булө комитетинин башчысы, көзөмөлдөө секторунун башчысы кызматтарын аркалаган. Ал Президенттин алдындагы мамлекеттик кызматчылардын магистратурасын аяктаган.

 

Төраганын жаңы орун басарынын иштерине ийгилик каалоо менен жаңы орун кут болсун демекчибиз.

 

 


"САРЫКОЛ" гезити август 2013