Нарындагы памирлик кыргыздардын балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетишти

Кечээ, 1-июлда Нарын облусундагы социалдык коргоого муктаж 70 бала Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин коштоосунда Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетишти, деп билдирди аймактык кабарчы.

 

Маалым болгондой, балдар «Улан» ден соолукту чыңдоо борборунда он күн бекер эс алышат. Алардын арасында 5 памирлик кыргыз балдар да бар. Балдардын эс алуусу үчүн бюджеттен 371 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Анын ичинде жатакана, 4 маал тамак жана ыңгайлуу шарттар каралган.

 

naryndagy-pamirlik-kyrgyzdardyn-baldary 1 naryndagy-pamirlik-kyrgyzdardyn-baldary 2