Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга үй курула баштады (сүрөт)

Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга үй курула баштады (сүрөт)

Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылына Афганистандан көчүрүлүп келүүчү этникалык кыргыздар үчүн алгачкы эки батирдин курулушу башталды. Бул туурплкк райондук администрациядан билдиришти.


Маалыматка караганда, 27-майда Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Темирболот Абыкеев, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери курулуштун пайдубалына капсула салышты.


«Район акими өз сөзүндө президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинети тарабынан башка мамлекеттердеги боордош этникалык кыргыздарга жакшы көңүл бурулуп жаткандыгын, көчүрүлүп келген этникалык кыргыздарга акырындык менен толук шарттар түзүлөрүн белгиледи«, — деп айтылат маалыматта.

 

cho-alaida-pamirlik-kyrgyzdarga-i-kurula-bashtady 2 cho-alaida-pamirlik-kyrgyzdarga-i-kurula-bashtady 3 cho-alaida-pamirlik-kyrgyzdarga-i-kurula-bashtady 4

 

Абыкеев министрлер кабинетинин 2023-жылдын 16-майында атайын тескемеси чыккандыгын айтып, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө өз компетенцияларына кирген маселелерди кечиктирбей чечүүнү тапшырды.