Мургабчылар Францияда жылкы жарманкесине катышат

Frasia Murghab16-20-январ күндөрү Франциянын түштүгүндө өтүүчү «Шевал Пассион» фестивалына Тажикстандын Мургаб районунан өкүлдөр катышат.

 

Бул тууралуу Азаттыкка Бишкектеги "Кыргыз аты" коомдук корунан билдиришти. Уюмдун төрайымы Жаклин Рипардин айтымында, памирлик Сары-Кол кыргыздары француздарды жана фестивалдын башка конокторун көчмөн кыргыздардын кол өнөрчүлүгү, музыкасы менен тааныштырышат.

 

 

Ошондой эле "Кыргыз аты" кору каржылап, француз тилине которулган Чынгыз Айтматовдун «Гүлсары ат» жана башка китептердин көрсөтмөсү болот. Авинон шаарында «Шевал Пассион» жармаңкесине негизинен Түркиядан, Италиядан жана башка Жер Ортолук деңизинин боюнда отурукташкан элдерден жылкы өстүрүүчүлөр келишет.