КОМУЗУН АЗДЕКТЕГЕН ЭЛ (чакан ангемелер)

КОМУЗУН АЗДЕКТЕГЕН ЭЛ (чакан ангемелер)

Комуз аздектеген эл

Сары-Кол (Чыгыш-Памир) өрөөнүндөгү кыргыздар нечен кылымдар бою Памир тоолорунун арасында түрдүү тагдырларды баштан кечирип жашоо өткөрүп, бүгүнкү күнгө чейин өмүр суруп келет. Нарктуу элдин өзгөчөлүгү, кылымдар бою улуу өнөр катары тааныган комузун жоготпой аздектеп сактап калгандыгында. Сел каптап келе жатса комузун көтөрө качкан кыргыз, ата-бабаларынан таберик калган улуу өнөрдү каны менен кошо өзөк тамырынан жаралган деп билер.


Тоо арасындагы бир ууч эл, кой үстүнө торгой жумурткалаган мезгилде да, не бир кыйын оор күн түшүп турган мезгилде да комузун кээде шаңдуу кайрыса кээде муңкантып, жан-дүйнөсүндөгү сүйүүсүн, махабатын, арманын, өткөн доорун, кайгысын, күлкүсүн, азабын, жыргалын, сагынычын, кусалыгын, улуулугун, нарктуулугун комуздун коштоосунда күүгө кошуп журтуна арнаган экен.


Сары-Кол өрөөнүндө оң жана сол абалында комуз күүгө келтирилип, мукам чертилип келгени канча кылымдар алмашты. Тоо арасындагы комузчулар чалма күү, калча күү, керме тоо, кырк аркар, шаңшыма, ханастан тайчи, коң тайчи, дарди өттү, тоокехан, датка-чүтөн,чай-сары, кыз-жибек, миң-дилде, перизат, жанаил жалгыз, мерген күү жана башка көптөгөн күүлөрдү чертип келгени эзелки элдин комуз менен сырдаш муңдаш экендигинен кабар берет. Улуу өнөр өлбөйт тура. Миңдеген жылдар бою ааламдын чокусунда кыргыз баласы комузун чертип, жашоосун улап келген жана жашай бермекчи.


 1 2Кайберен аңдыгындар

Памир тоолорунун чокусунан күн кызарып жаңы гана чыгып келе жатканда, тээ бийиктеги ак карлуу чокулар кызыл түстүү нурларга чагылышып бир өзгөчө көзгө тартылат.

 

Суу ичкени төмөн көздөй булакка келген кийиктер, чаңкоосун кандырып кайра бийиктеп Кең-Төрдүн төрүн көздөй кетип бара жатышат. Кайберен кийиктер суу ичкен булактан жарым чакырымдай узак аралыктагы, үйдөй болгон кара таштын далдаасында эки караан таштын артына жашынып эч кимге шек алдырбай отурат. Ташка жашынган эки адам колдорунадагы дүрбүлөрүн көзгө тартышып, топ-топ болуп бара жаткан кийиктерди бирден сүзүп тиктейт. Алар кийиктерди шашпай ар биринин кыймыл аракетин байкап көз алдыларынан дыкат өткөрөт.Таштын артына шек шыбышсыз бекинген бул эки караанды кийиктер көздөрү көрбөсө да, жүрөктөрү сезгендей улам-улам селт этип ошол жактан шек санагандай тиктеп узап баратышты.

 

Бул эки караан ким ? Аскасы асман тиреген Памир тоолорунун коюнунда жашынып эмне кылып жүрүшөт? Кош колдоп дүрбү салып кийиктерди аңдып жатканына караганда булар жөн жай адамдар эмес чыгар. Балким кайберен кийиктерди атып, этин кызылдай пулдашып жүргөн шылуун мергенчилер болуп жүрбөсүн.

 

Тоонун сыдырым соккон шамалына аралашып, шыбак, боз-от,терскен жана башка ар-түркүн чөптөр шуудурап, күздүн күнү бышып кургаган гүлдөрдүн жыты не бир керемет аңкып турат.

 

Эки караандын кийген кийимдери жер, чөп, тоо, таш, топуракка атайын окшоштуруп тигилген боз чаар ала жер түспөлдөш, аларды эч бир жан дааналап тиктебесе көрө албасы турган иш. Жок,- жоок, булар кайберен этине шилекей чуурутуп кызыкчулардан эмес эле. Булардын көзүнү кызартып, көңүлүн тартканы кайберендин мүйүзү. Бул жер түспөл сары-ала кийим кийгендер, чоң-чоң кулжа текелердин шаа мүйүздөрүн кызылдай пулдап дүйнөгө көзү тойбогон эки бутту кейпиндеги адам жырткычтардан. Жалбырак көчөт сары-ала кийимчендер, бул Памир тоолорунун жылга- жыбыт, кокту-колот, коён жатагына чейин беш колдорундай билет, жылда күз айларында тоого чыгып келишип кайберен кийиктердин сары изине чөп салып артынан сая кууп жүрүп, кулач мүйүз кулжа текелерди атып кетишет.

 

Аларга каркайган шаа мүйүздүүлөр кызылдай олжо. Чоң мүйүздөрдү чет элден келген атайын кардарларга кызылдай доллар эврого сатышып зор байлыкка туйтунушат. Эки кабаттуу үйлөр, экиден жол тандабас машина - деги койчу, ушул адам келгис бийик тоолордон адамдын оюна келбеген олжолуу байлыктын жолун таап алышкан.

 

Азыр да таш бооруна жашынып алып ар бир кулжа текелердин мүйүздөрүн санап ченеп отурушат. Сары жалбырак кийимчендер, көңүлүнө жаккан чоң мүйүздүүлөр кезиккенче ушинтип күтүп, далай кечти киргизишет. Акыры көзгө илээшип көңүлгө толгон чоң өлчөмдү мүйүздүү кулжа текелер кезиккенде, аны сая кетирбей сыңар дүрбүлүү алыска тийер чоң мылтыктары менен жайлашып акыры алып кетишет.

 

Бийик чоку Памир тоолорунун арасында илгери не бир чоң-чоң кулач мүйүз кулжалар, текелер топ-топ болгон кийиктерди ээрчитип чыйыр салып жол баштап жүрөр эле. Кийинки күндөрү мүйүзү кулач кайберендер бирин серин көзгө урунуп калды, аларды көрөр замат көзгө көрүнбөгөн, жалбырак көчөт сары-ала кийимчен жырткычтар дароо атып мүйүздөрүн кесип кетишүүдө.

 

Адам баласы мындай жырткычтык аң-сезим менен, акча үчүн кулжа текелерди кырып жок кыла берсе, бир канча жылдардан кийин кайберен кийиктер деле кайып болуп кетиши толук ыктымал. Бул дүйнөдө адамдан өткөн жырткыч таш боор жок тура. Акча, байлык үчүн адам баласы табийатты талкалап, баарын кырып жеп сатып жок кылмай болушту.

 

Памир тоолорунун чокусунан күн кызарып батып бара жатты, үйдөй кара таштын артына жашынып сары-ала жалбырак кийимчен эки мүйүзчү кайберендерди аңдып отурганы отурган.

 

Тээ жылганын төрүнөн бери карай дагы бир топ аркарлар келе жатышты, бирок булардын арасында кулач мүйүз чоң кулжалар негедир көрүнбөдү.


 1 3Илбирс менен күрөшкөн жигит
(Болгон окуя)

 

Бизде илбирсти жылбыз деп атайбыз. Бул окуя 2011-жылдары күз айларында Памир тоолорунун арасында болгон. Илбирс короого түшүп койлорго кол салат, ошол учурда койлордун ээси короого кирип келет да дароо илбирстен койду ажыратып калуу үчүн аракет кылат. Ошол учурда илбирс анын башына карай секирет, өмүрүнө коркунуч жаралганда, жигит илбирстин мойнунан кармап экөөсү кармаша кетет.


Бир канча убакыт кармашып жерде ары-бери алпурушуп жигит илбирсти муунтуп өлтүрүп, өзү жарадар болот. Ал илбирс далай жолу айылдагылардын кой эчкилерин жеп кетип жүргөн экен.


Учурда баатыр жигит тоо арасында бүгүнкү күнгө чейин топоз койлорун кайтарып жашап жүрөт. Бул жигиттин аты жөнү Сатыбалдыев Бакыт 1984-жылы туулган. Үй-бүлөлүү. Учурда уул кызы чоңоюп, жогорку окуу жайларда окуп билим алып жатышат.


Бирок (бул окуяны саналуу эле адамдар уккан болуш керек) эл арасында мына ушундай илбирс менен алышкан эр жүрөк кыргыз жигиттерибиз бар экендигине биз ар-дайым сыймыктанабыз. Бул окуя биз жашап жаткан мезгилдеги турмуштук чындык.


Кино

Биз бала кезде жаңыдан киного кызыгып бара баштаганда, СССР доору бүтүп кино токтоп калды, кино эмес айылда свет жок чырак менен жашап калдык. Бир күнү айылыбыздагы кино койгон Убайдилда аттуу киши кайрадан кино коюп баштады, алгач өзүнүн үйүнүн жанындагы эски гаражга кийинчерээк клубка коюп баштады.

 

Кинону бензодвижоктун жардамы менен коёт, Союздан калган төрт беш кино лентаны кайра кайра кайталап коёт, биз кайра кайра көрсөк да тажабай бара беребиз. Кинолордун атын жаттап кайсы бөлүгүнөн үзүлгөн анан барып кайсы жерден кайра уланып кетет, баарын билип алдык. "Девушки из Согдианы", "Кербез", "Диверсант", "Убит шакалы" деген кинолорду ар жума сайын кайталап көрүп, балалык күндөр өтүп жатты. Анан ошентип бир күнү айылга видеоапараттар келди, аны сатып келген адамдар оо ал кезде өзгөчө колунда бар бай адам сезилчү бизге.

 

Ошентип үзүлүп калган кино көрбөй видео көрө баштадык, айылда видео койгон үйлөр пайда болду, Койчуман, Туратбек, Кадыр, Азан аттуу агаларыбыздын жана башка көп кишилердин үйүнө далай жолу видео көргөнү барчубуз. Үйдүн сырткы верандасына тактай орундуктарды коюп коёр эле, эл жык жыйма баары видео көрөбүз деп барышчу.

 

Ошол кезден баштап Жеки-Чан, Брюс-Ли, Терминатор, Вандам жана башка кино жылдыздарын таанып биле баштадым. "Полицейский история", "Пяный мастер", "Чистилище", "Авганец", "Груз 200" жана башка түрдүү кинолорду көрүп не бир башкача сезимдерге бөлөнөр элем.

 

Ал кезде видеого барганда акчам жок деп айтсак жөн эле киргизип жиберет эле. Көрсө ошол кездерде адамдар ак-ниет жөнөкөй болгон экен. Айтайын дегеним адам кайсы жерде кайсы доордо жашабасын руханий жактан чаңкап кино көргүсү музыка уккусу келет тура.

 

 1 4Тоо арасында

Ал кезде мен мектепти жаңы гана бүтүрүп Көлмө, Кара-Корум, Кашкар жол курулушуна жумушчу болуп ишке орноштум. Жол курулуш иштери катуу жүрүп жаткан кез, жол куруучулардын эки лагери бар ар-түрдүү улуттардын өкүлдөрү көп, жол куруу үчүн келген техникалар жана адамдар быкпырдай кайнайт. Иштеп жүрөм эптеп, убакыт өтсө болду мен үчүн. Ар түрдүү улуттагы адамдар менен ар тилде билсем билбесем урдуруп сүйлөй берем түшүнгөнү түшүнөт, түшүнбөгөнү эси ооп карап коёт.

 

Бир күнү Зафар деген бир Бадахшандык жашы кырк бештер чамасында бир киши менен тааныштым. Зафар ака экөөбүз ынак достордон болуп кеттик, ал досум трактор айдайт мени кабинасына салып алат, кээде жүз грамм куюп берет, кээде тамеки күйгүзүп берет ошентип досум менен жүргөндө убакыттын кандай өткөнүн билбейм да калам.

 

Бул мен минген трактор Э-100 бул анчейин чоң эмес бул кичине трактор, - мен мурда Эркештамга барып иштегенмин ал жакта Чебокасар деген тракторум бар эле, аны көрсөң өтө чоң трактор, ал эки мотору бар гигант трактор деп калат. Анан күндө айта берет- бул кичинекей трактор сага чоң көрүнө берет сен Чебоксар деген трактордумду көрсөң оозуң ачылып калат дейт, - жакында мага ошондой чоң Чебоксар келет анан көрөсүң дейт.

 

-Анан мен чоң трактор айдап Алайда Сары-Моголдо көмүр шахтада иштегенмин дейт, Шайлообай деген адам бар ал жакта тааныйсыңбы? дейт.

 

-Шайлообай менин досум ал золотой адам, деп күндө айтат. Ооба Шайлообай деген кишини тааныйм дейм. Биз менен чогуу иштеген жездем тамашалап сенин Чебоксар досуң деп калат Зафарды. Ошентип Зафардын аты өчүп Чебоксар болуп аталып калды, биз ага тамашалап Чебоксар ака деп коебуз. Байкуш Зафар бала кыял болгон экен азыр ойлосом.

 

Анан бир күнү Зафар айтып жүрчү Чебоксар дегени келди айтканынча эле өтө чоң трактор экен. Анын кубанычында чек жок көрдүңбү мен айтканымчалык эле бар бекен дегенсип Чебоксарга бизди салып алат. Эртең менен от алдырарда Зафардын тоодой Чебоксары далайга ышкырып барып анан от алат.

 

Мен: ~ Зафар сенин Чебоксарың как вертолет деп коём, ансайын ал эрдемсип төбөсү көккө жетип калат. Беш литрлик идиш алып кел солярка куюп берейин деп калат кээде.

 

-Бул Чебоксарга бир багына эле үч жүз литр солярка куюлат, беш литр эч-нерсе эмес досум сен үчүн деп калат,ошентип мага солярка куюп берет. Ал досумду биздин үйдөгүлөр баары тааныйт , кээде мени менен биздин үйгө барып тамак аш ичип келет. Ошентип балалыктын сонун кезинде Зафар деген тракторист менен дос болгонмун. Азыркыга чейин эжемдер тамашалап: - алиги Чөбөксары досуң бар болду бекен аа деп тамашалап калышат.

 

Азыр ойлойм эгер Зафар бар болсо картайып Чебоксардын кабинасына чыга албай калган чыгар, андан бери арадан жыйырма беш жыл тез эле өтүп кетиптир. Негизи адам кулк мүнөзү кыял жоругу бири-бирине дал келсе тилине улутуна карабай жакшы санаалаш жолдош болуп достошуп кетет экен. Ал кездеги адамдардын куулук шумдугу жок жөнөкөй ак-көңүл болгону бир башкача эле.

 

                 -/-

Муз-Көлдүн жээгинде,

Шамалы тегеренет.

Чоң жолу унааларга,

Чаң болуп тебеленет.

Аркары чокулардан,

Алысты тиктеп турат.

Көркөмү көп тоолордун,

Көз жоосун түптөп турат.

Шагыл жол шырыктаган,

Шашылып бараткандар,

Шаңданып шарактаган.

Көрүнөт жанган бир от,

Көңүлдөр куунак бирок.

Күн батып баратканда,

Кулжалар оттоп жүрөт.

Мунардай жарык тунат,

Мургап жак жанып турат.

Чыкыроон кагып жатат,

Чыны-Суу агып жатат.

Муңканган кара шамал,

Музду чырт чагып жатат.

Тоолордун көлөңкөсү,

Топудай жөлөңкөсү.

Көрүнөт алп караандар,

Көптөрдүн көрөңгөсү.

Чокуну карап улам,

Чолпонду самап турам.

                -//-

Шыбыштуу жел аргыга,

Шыбак жыт чачтарымды,

Шашылбай тарап турам.

Ак-Байтал ашуу бели,

Ак чоку бийик теңи.

Жарыгы бүл-бүл жанган,

Жашоо бул бийиктеги.

Алдыда чыйыр дагы,

Ашууда кыйырдагы.

Бийикке жетүү түйшүк,

Бир чети кыйын дагы.

Жүз өңү жакынымдай,

Жүздөгөн чакырымдар.

Ашуунун чокусунда,

Асыл бир жакыным бар.

Кар муздуу түнөктөрдөн,

Капарсыз түнөп көргөн.

Кайкыда караандарым,

Кайберен түнөк көргөн.

Ойлорго жетеленем,

Ой тоого кете берем.

Жолдордо сапарымды,

Жомоктоп өтө берем.

Өмүрдөн өтсөм дагы,

Өйдөлөп кете берем.

Жашоодон өтсөм дагы,

Жарык кууп кете берем.


 1 5Чырак

Сары-Кол (Чыгыш-Памир) өрөөнүндө жашаган адамдардын күнүмдүк турмуш-тиричилигинде чырак маанилүү орунду ээлеп келген. Чырак эзелтен тоо арасындагы малчылардын эң зарыл болгон табылгыс буюму. Чырак караңгыда үйдүн ичин жарыкка бөлөйт, экинчиден чырак менен кыштын суук түндөрүндө кой төлдөтүү (төл) учурунда түнкү төл күзөткө керектелет.

 

Тоо арасындагы кыргыздар чыракты илгерки убактан бери ыйык, касиеттүү, жарык берүүчү асыл буюм катары таанып билишет. Тоолук эл, жакшы көргөн адамын чырагым деп эркелетет. Ал эми адам каза болгондо баш жагына чырак коюуу жөрөлгөсү илгертен салтка айланып калган. Тоо арасындагы кыргыздар чырактарды сапатына көлөмүнө ж.б.у.с байланыштуу, жин-чырак, кара-чырак, май-чырак, таш-чырак, күзгү-чырак, асма-чырак, күн-чырак деп атап келишкен. Кийин колхоз, совхоздордун мезгилинде жүжүр-чырак( дежур-чырак) деген чыракка байланыштуу жаңы аталыш пайда болгон. Дүжүр чырак кой төлдөтүү учурунда түнкү нөөмөткө керектелген. Учурда тоо койнундагы элдердин жашоосун күн-чырак (Солнечный батарейка) бир топ жеңилдетти.

 

Азыркы заманбап күн-чырактар жарык берүү менен гана чектелбестен, кубатына жараша электр энергиясын бөлүп чыгарып, бир канча кызматтарды аткарат алат. Күн-чырак азыркы заманда электр энергиясын өндүрүүчү эң арзан жана ыңгайлуу булак болуп эсептелинип калды. Анын жардамы менен бир канча электр приборлорун иштетүүгө болот.Ошентип жылдар өтүп, кылым алмашып, май чырактардын ордуна заманбап күн чырактар ээ болду.


Тилемиш аксакал

Сары-Кол өрөөнүнөн чыккан кыл кыякчы Жоруев Тилемиш. Тилемиш кыл кыякчы 1914-жылы Мургап айылында туулган. Өмүр бою мал чарбасында эмгектенген. 1990-жылы дүйнөдөн кайткан.

 

Кыл кыякчы Тилемиш аксакал "Дарди өттү", "Паризат", "Өзгөчөм","Хан-Тайчи", "Ат кетти", "Кийик гүв" жана башка көптөгөн күүлөрдү кыл кыякта мыкты черте алган. Бул инсан уулу менен биргеликте колхоздо үзүрлүү эмгектенген, уулу Тилемишов Ташбай "Ленин Ордени" менен сыйланган.

 

Тилемиш аксакалдын кыл кыягын, урпактары эстелик катары аздектеп сактап жүрүшөт.

 

 1 6  1 7

 

 1 8Абалак (бабалак)

Ордо оюнунда чүкө атуучу мүйүздөн жасалган курал. Сары-Кол (Чыгыш-Памир) өрөөнүндө ашык (ордо) оюну кылымдардан бери ойнолуп келе жатат. Сары-Кол кыргыздары ордо оюнунда ашыкты (чүкө) томпой менен жана мүйүз бабалак менен атып ойношот. Кээ бир учурда оюндун эрежеси боюнча томпой менен гана же бабалак менен ойноо так чечилген. Азыркы учурда томпой менен ойноо актуалдуу болуп жатат.

 

Бабалак текенин мүйүзүнөн жасалат, аны колго ыңгайлуу кылып кесип алып жасашат. Бабалак ордо оюнун ойноо үчүн өтө ыңгайлуу жана бышык болуп эсептелет. Кээ бир жерлердин ордо оюндарында чүкөнү чертүүгө (чертмек) кадамак үчүн бабалак колдонулат. Айрым жерлерде абалак деп да аташат. Сары-Кол өрөөнүндөгү кыргыздар бабалак деп айтышат. Илгери бабалакты ар ким өзүнүн көркөм дүйнөсүнө жараша, саймалуу сүрөттөрдү түшүрүп кооздоп жасап алышкан.

 

 1 9  2 1


 2 2Чай жөнүндө

Сары-Кол (Чыгыш-Памир) өрөөнүндө тээ илгертеден бери суусундук катары ичилүүчү чайлар маанилүү орунду ээлеп келген. Сары-Колдо чайлардын түрдүү аталыштары болгон. Сары-Кол кыргыздары чайлардын сапатын, суусундукка ылайыктуусун жана ден-соолукка пайдалуулугун эң мыкты ажыратып айырмаларын таанып билишкен. Чайлар Жибек-Жолу аркылуу Кашкардан жана башка шаарлардан алынып келип турган жана кээ бир түрлөрү жергиликтүү чай болуп эсептелинип Памир тоолорунан терилип кургатылып даярдалган.

 

Чайлардын памил-чай, сын-чай, жалбырак-чай, кызыл-чай,таан-оту, калемпир-чай, кумуру-чай, тахта-чай, бозноч-чай, аркар оту, жыттуу-чай, жалбыз-чай, сейдана-чай, мурч-чай, мамыры-чай, кашкар-чай, мисир-чай, кыркма-чай, көк-чай, тыт-чай, магыз-чай, күйүк-чай, жыттуу-чай, ак-чай, нак-чай, дак-чай, тоголок-чай, бурма-чай, жыгач-чай жана башка көптөгөн аталыштары болгон. Сары-Кол кыргыздары чай ичүү маданиятын жакшы билишкен, айылдын кадырлуу аксакалдары кемер курларына атайын чай баштыктарды тагынып өзү сүйүп ичкен чайын алып жүрүшкөн жана айылга же аң-уулоого, отун алууга ж.б.у.с.талаага барганда сууну кайнатып алып, өз баштыгындагы чайды өз чени менен салып, демдетип анан ичишкен. Аксакалдардын атайын чай баштыктары кара чий баркыттан тигилип, чай баштыктын оозу кооз жиптер (боо) менен саймаланып жасалган.

 

Сары-Кол кыргыздарынын арасында бир отурганда беш-алты чайнек чайды терлеп отуруп ичип кеткен адамдар болгон. Сары-Кол өрөөнү бийик тоолуу болгондуктан, түтөк жана кан коюулуп калуу демей дегидей көрүнүш ошондуктан тамак жегенден соң суусундукка чай ичүү зарыл болгон, көк чай кан басымды калыбында кармайт дешип көбүнчө көк чайды эт тамактарды жегенден кийин суусундук катары ичишкен, ал эми кара чайга сүт, каймак кошуп сары май салып тамак катары да колдонушкан. Сары-Кол кыргыздарынын арасында чайга байланыштуу көптөгөн кызыктуу сөздөр айтылып калган.

 

 2 3Достуктун ордосу болгон өрөөн

Өткөн СССР доорунда Алай өрөөнүндө, Алай-Памир тоо кыркаларынын түбүндөгү түздүктө , биз бала кезибизде чоң жайлоолор болуп ал жерлерге Кыргыз ССРинин, Тажик ССРинин, Өзбек ССРинин малчылары жыл сайын чогулушуп улак тартышып, кымыз ичишет эле. Бул жерлерге Өзбек ССРинин короо-короо койлору жайлоого келгендиктен Өзбек-Чукур аталып калган экен. Ары жагы Чыгыш-Памир Мургаб районунун эли бери жагынан Алай эли Өзбекстандын малчылары ушул жерде таанышып далай жакшы күндөрдү баштан кечиришкенин атам көп эстеп айтып калчу. Ал кездерде жыл сайын малчылардын слету өткөрүлүп турчу. Ошол кезде адамдар улут улутка бөлүнбөй баары бир туугандай достук мамиледе болгон экен.


Атам баланча деген досум менен Өзбек чуңкурда таанышып дос болгонмун деп айтып калчу, атамдын ошол жайлоолордо тапкан өзбек, түрк, көп достору бар эле жана Алайлык Амит чабандес деген жакын досу болгон экен. Улуттар аралык соода сатык, асыл тукум мал алмашуу, пикир алмашуу, тажрыйба алмашуу сыяктуу адам баласынын турмушуна зарыл нерселер дал ушул жайлоолордо болгон экен. Ошол жайлоолорго жакын Памир-Ош автожолунун жээгинде ак койдун эстелиги бар болчу. Мен бүгүнкү күнгө чейин, ошол өрөөндөрдү өткөн доордун достук ордосу деп эсептеймин.


 2 4Жаңы-Жыл

Менин бала кезимдеги бир жаңы жыл эсимде түбөлүк сакталып калган. Ал кезде биз тоодо мал багат элек, жаныбызда чек-ара заставасы бар болчу. Бир күнү заставадагы чек-арачылар жаңы-жыл майрамын уюштуруп бизди майрамдык кечеге чакырды. Ал мезгилде заставанын начальниги Дулат аттуу казак улутундагы офицер эле. Биз баарыбыз чогулуп жаңы-жыл тосуп жаттык, саат он-эки болгондо баарыбыз сыртка чыктык. Чек арачылар жаңы-жылдын урматына асманга СПШа деген салют сыяктуу куралды атып жатты, асман сары, көк, кызыл түркүн түскө боёлуп жаркырап , биз асманды карай суктанып турдук. Бир салют асманга бир аз көтөрүлүп кайра жерге кулап биздин кой короонун жанына түшүп жарк этип учкуну чачырап жарылды.


Ошол кезде короодогу койлор үркүп короону бузуп чыгып кетти. Ошентип бир короо кой караңгы түнгө кирип жоголду. Эл жаңы жыл тосуп жаткан мезгилде биз кой издеп жүрдүк, ары-бери карап издедик , бирок койлор табылбады. Ичибизден чек-арачыларды жек көрөбүз, койлорду жоготту деп.

 

Эртең менен таң атканда кайра издеп журуп, койлорду бийик тоолордун кайкысынан араң таап түштүк, баары түгөл экен. Кудайга шүгүр карышкырлар кезикпей калыптыр, болбосо кырып кетмек. Ар жаңы жыл сайын ошол күн көзүмө элестей берет.


 2 6Матисаев Абылкасым (1928-2001)
       (Уста аке)

Сары-Кол (Чыгыш-Памир) Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун Мургаб районунун Мургаб Совхозунда Матисаев Абылкасым өмүр бою мал чарбасында эмгектенген. Жалпы Мургаб эли бул инсанды Уста-аке деп таанып билет эле. Абылкасым устанын жасаган буюмдары, бычактары, ат-жабдыктары, аялдардын шакек жана башка асем буюмдары бүгүнкү күнгө чейин калк арасында баалуу буюм катары сакталып келет.

 

Бул кишини достору тамашалашып Камыр-баш уста деп да айтышчу. Абылкасым уста эң чоң усталардын бири эле десем жаңылышпайм. Уста аке Мамлекеттик көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон. Абылкасым устанын колунан жаралган бычактары жана башка буюмдары. Бүгүнкү күнгө чейин устанын кээ бир эмгектери Мургабтагы жана Чоң-Алайдагы тууган-уруктарында сакталып жүрөт.

 

 2 7  2 8
 2 9  3 1


Улуттук мурастын сактоочусу

     (дүрия жоолук)

Баалуу мурастын сактоочусу Асила Байзакова кыргыз элине таандык, көркөм саймаланган "Дүрия" жоолукту жоготпой аздектеп көптөгөн жылдар бою сактап келген.

 

Асила Байзакова турмушка чыкканда энеси ушул дурияны мурас катары берген экен. Асила эне бул баалуу буюмду сактап жүрүп, 2013-жылы Кыргыздын салттуу билимдеринин ээси Асел Калканова Көөнө-Коргон айылына барганда таберик кылып саймалуу дүрия жоолукту өз колу менен таберик катары тапшырган.

 

Асел Калканаова эжекебиз Асила энеден калган дүриянын сайма үлгүлөрүн өзгөртпөстөн кайрадан жаңылап жарыкка чыгарып, бүгүнкү күнгө чейин кыргыз айымдарынын ажарын ачып келет. Асел Калканова эже Асила эненин айткан аманатын аткарып дурияны коомчулукка кеңири таанытып көптөгөн өлкөлөргө чейин барып атайын иш чараларга катышып кыргыздын көркөм саймаларын, улуттук кийимдерин даңазалап жүрөт. Эненин кылымдар бою сактаган дурия жоолугунун жолун уланткан Асел эжеге чын дилимден ыраазычылык билдирем.

 

Байзакова Асила эне 1922-жыл Чоң-Алай өрөөнүндө жарык дүйнөгө келип, тагдырдын буйругу менен Мургап тарапка турмушка чыгып жашап калган экен. Асила эне Мургаптын Көөнө-Коргон айылында жашап, өмүр бою чарбада үзүрлүү эмгектенген, бир канча сыйлыктардын ээси.

Асила эне көптөгөн тарыхый окуяларды, каада-салтты, кыргыздын макал лакаптарын, жомок уламыштарын жакшы билет эле. Ал кишинин көптөгөн сөздөрү эл ичинде айтылып калды. Өмүрүнүн акырында Асила эне 99-жашында Көөнө-Коргон айылында дүйнөдөн кайтты.

 

Биз Асила энени улуу мурастардын сактоочусу деп таанып, ар-дайым сыймыктанабыз.

 

 3 3  3 4

 

 3 2Деңизден алыстагы ойлор жана таш-курут өсүмдүгү

Биз алыскы тоо арасында жашагандыктан ал жакта деңиз жок болчу, бирок бир канча тоо көлдөрү бар эле. Тоо арасындагы көлдөрдүн кээ биринде балык болсо, кээ бирлеринде балык дээрлик жок болуп саналат.

 

Мисалы: Булуң-Көлдө балыктын бир канча түрү бар, кызыл балык, асман балыгы, маринка жана башка көп түрлөрүн кезиктирүүгө болот. Ал эми Кара-Көл жана Ыраң-Көл көлдөрүндө эч бир балык таппайсыз.

 

Памирдин чыгыш тарабындагы бийик тоолуу Чеш-Дөбө, Сары-Горум, Казан-Көл, Ыс-Булак, Жаман-Чулук жана башка көптөгөн көлдөрдө жана дарыя сууларда балык өтө көп кезигет. Памирдин балыгы өтө чоң семиз эти абдан даамдуу келет. Тоо арасында мал жандык жана аркар кулжа эчки теке көп болгондуктан жергиликтүү элдер ошолордун этин көбүрөөк тамак-ашка колдонуп, балыктын этин анчейин тамак ашка колдонушпайт.

 

Шаймак өрөөнүндөгү дарыя көлдөрдө да балык мол, кээ бир өзөндөрдө кол менен кармап алууга да болот. Мен ушундай балык көп жерде эмне үчүн деңиз жок деп көп ойлоно берер элем. Атамдан эмнеге бизде деңиз жоктугун сурасам, жарыктык атам - уулум ушул тоо арасындагы дарыя суулар тунук булактар, тоо чокуларындагы аппак мөңгүлөр биз үчүн деңиз, болот балам, деп айтар эле. Атам -деңиз бизден башталат, деп ар дайым айтып калчу.

 

Мен балалык кыялымда, эмнеге деңиз бизден башталса бизде чоң деңиз жок деп өзүмө өзүм суроо салып, кайра ал суроолордун жообун таппай көпкө ойлуу жатып анан таттуу уйкуга кетчүмүн. Азыр ойлосом атам ошол жерлердеги дарыя сууларды, көлдөрдү деңиз катары баалап барктайт турбайбы.


Акын Өскөнбай Бердибаев

"Поэзия ордосу" көркөм адабий
коомдук брикмесинин мүчөсү

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены