МИЛИЦИЯ КАБАРЛАЙТ

Ө3 ЫКТЫЯРЛАРЫ МЕНЕН ТАПШЫРЫШТЫ

Тажикстан Республикасынын Ички Иштер министрлигинин Мургаб райондук бөлүмү тарабынан 2013-жылдын алты айында өлкө Президентинин 1994-жылдын 2-декабрындагы N°2-токтомун ишке ашыруу максатында райондун жарандары тарабынан өз ыктыярлары менен 19 даана ок атуучу курал тапшырылды.

 

МАЛ УУРДОО

2013-жылдын 24-апрелинде Шаймак айылынын тургундары Эгемкулов Ырысбай Ашимович жана Тейтов Абдыганы Кыргызбаевич ошол эле айылдын жашоочусу Карбаншоев Халдарбек Казаковичке таандык бир баш топозду уурдап кетишкен. Бул уурулук боюнча ТРнын Кылмыш Кодексинин 244-статьясынын 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголуп сот органдарына ашырылды.

 

АЛДАМЧЫЛЫК

2013-жылдын февраль айында Аличор жамаатынын жашоочусу Назаров Абдырахман Хожатович алдоо жолу менен Мургаб айылынын Ош-2 көчөсүнүн жашоочусу Аманова Нуржамал Жакыповнанын 2000 сомонилик товарларын алып кайра кайтарган эмес. Бул иш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүп Назаров А.Х. өз күнөөсүн мойнуна алды.

 

"САРЫКОЛ" гезити август 2013