Ленин чокусу Кыргызстан менен Тажикстандын талашына түшөбү?

Тажикстандын өкмөтү Памир жана Алай тоолорундагы бир нече чокуга жаңы аталыш ыйгарууну чечти. Бул иш чараны Совет заманынан калган аталыштарды жаңы аталыштар менен алмаштыруунун зарылдыгы менен түшүндүргөн. Өкмөттүн чечимине ылайык Памир тоолорундагы Революция чокусу Абу Али Ибн Сино чокусу, ал эми Алай тоо кыркаларындагы Ленин чокусу "Истиклол", кыргызча айтканда "Көз каранды эместик" чокусу деп аталууга тийиш.

 

Бирок, Ленин чокусу Советтик мезгилдеги карталар боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара сызыгында жайгашкандыктан, Тажикстандын демилгесин кыргыздар бир жактуу кадам деп кабылдашы мүмкүн дешет эксперттер. Чын эле тажик жактын кадамы бир жактуубу?

 

Тажикстандын картография боюнча мекемесинин өкүлдөрүнүн айтуусунда "Истиклол" деп кайра аталууга тийиш Ленин чокусу Тажикстандын аймагында жайгашкан. "Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы тактала элек, чек ара сүйлөшүүлөрү али улантылууда, андыктан Кыргызстандын Ленин чокусуна доомат артууга акысы жок"- деген пикирин билдирди атын атагысы келбеген Тажикстандык эксперт.

 

Бирок, айрым Советтик карталар боюнча Ленин чокусу Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара сызыгында жайгашкандыктан, тажик жактын демилгеси Кыргызстанда кандай кабыл алынууда? Кыргызстандын геодезия жана картография башкармалыгынын жетекчи орун басары Анатолий Катанаев ББСиге берген маегинде "Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасы делимитация жана демаркациядан өтө элек, башкача айтканда сүйлөшүүлөр процесси жаңыдан башталууда. Андыктан Ленин чокусунун атын Тажикстандын өзгөртөм дегени бир аз таң калаарлык"- деп айтты.

 

Андай болсо, Ленин чокусу жөнүндөгү маселе чек ара суйлошүүлөрундө кайрадан көтөрүлүшү мүмкүнбү?

 

"Чоку чек арада жайгашкан, андыктан Ленин чокусу кайсы жерде, чек арадабы, чек аранын ары жагындабы же бери жагындабы деген суроо дароо көтөрүлөт. Делимитация башталганда бул суроо сөзсүз көтөрүлөт деп ойлом"- деди А. Катанаев.

 

Азыр Тажикстан менен чек ара делимитация боло элек, андыктан сүйлөшүүлөр кандай жүрөөрүн айтуу кыйын. Анын үстүнө Тажикстан менен сүйлөшүүлөр өтө татаал жана жайбаракаттык менен жүрүүдө. Демек, Тажикстан менен келечектеги сүйлөшүүлөрдө дагы бир жер талаш жаралчу өңдөнүп калды. Ал жер- Ленин чокусу.