Кыргызстандык делегация Памир кыргыздарынан кабар алат

Ноябрь айында кыргызстандык делегация гуманитардык жардам алып, Памир тоолорундагы ооган кыргыздарынан кабар алганы барат. Бул тууралуу “Азаттыкка” эмгек, миграция жана жаштар министри, делегация мүчөсү Алиясбек Алымкулов билдирди.

 

“Азыр даярдануудабыз. Жолдо айрым жерлерде көпүрө жок болгондуктан дарыядан өтүүгө туура келет. Азыр суунун тартылышын күтүп жатабыз. Жылдагыдай эле кийим-кечек, тамак-аштардан турган гуманитардык жардам алып баратабыз. Бул салтка айланууда”, – деди Алымкулов.

 

Он чакты адамдан турган делегация курамында депутаттар, медицина кызматкерлери жана журналисттер бар. Учурда гумжардамдын өлчөмү такталууда.