“Кыргыз Туусу” Мургаб, Жерге-Талда

Kg tuusu“Кыргыз Туусу” гезити бүгүнкү күнгө чейин Россиянын, Казакстандын аймагында иштеп жүрүшкөн окурмандары менен ой бөлүшүп келген болсо, жаңы 2013-жылдан баштап Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусундагы кыргыз бир туугандарыбыз жашаган Мургаб, Жерге-Тал райондорунун окурмандарын дагы маалымат менен камсыз кылууну колго алды. Мындан ары аталган райондордогу мектептерге, китепканаларга жана башка мекеме уюмдарына улуттук тилибизди, маданиятыбызды колдоо максатында “Кыргыз Туусу” гезитинин ар бир санынан бекер жеткирилип турмакчы.

 

Ал эми мына ушундай саамалыктарды жаратууга салым кошкон инсаныбыз, “Кыргыз Туусу” гезитинин “2012-жылдагы каарманы” Намашамов Бейше Жуманазаровичтин айтпай кетпесек болбойт. Анткени, Бейше Жуманазарович аталган эки районго жөнөтүлүүчү гезиттин бир жылдык чыгымын толугу менен өзү төлөп берип, Тажикстанда жашаган кыргыз бир туугандарыбызга зор белек тартуулап отурат. Учурдан пайдаланып, мекенчил инсаныбыз Бейше Жуманазаровичке  ыраазычылык билдире кетмекчибиз.