Депутат Памирдеги кыргыздар тууралуу документалдуу тасма тартуунун сунуштады

Бүгүн, 15-октябрда парламенттин жалпы жыйынында"Өнүгүү" тобунан депутат Мирлан Бакиров Памирдеги этникалык кыргыздар тууралуу документалдуу тасма тартуунун сунуштады.

 

Учурда парламентте "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин жылдык отчёту жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралууда.

 

"Интернетке кирсеңер башка мамлекеттердин бул боюнча тарткан тасмалары бар. Биз дагы алар жөнүндө документалдык тасма тартып архивге сактап койсок жакшы болмок. Бул Бакировду рекламалагандык эмес. Ошол тасма тарыхта калмак",- деди ал.