Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгы

Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында Тажикстандын жарандары бар болуп чыкты.

 

Бишкек-Ош унаа жолунун 634-чакырымында болуп өткөн жол кырсыгынан 5 адам каза таап, 7 адам жаракат алды. Алардын арасында Тажикстандын жарандары да бар экени белгилүү болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалымат боюнча, S04-23AG мамлекеттик номерлүү Форд-Транзит автоунаасы менен О85-31ВА мамлекеттик номерлүү КамАЗ кагышкан. Жол кырсыгынан жаракат алгандар Куршаб ооруканасына жеткирилди. Ал эми каза тапкандардын сөөгү Ош облустук оорукананын өлүкканасына жиберилди.

 

Каза тапкандардын аты-жөнү:

 

1. Темиров К., 1986-жылы туулган, Форд-Транзит автоунаасынын айдоочусу;

2. Чупиева З., 1968-жылы туулган, Тажикстан жараны;

3. Темирова Б., 2001-жылы туулган, жашаган жери такталууда;

4. 40-45 жаш курактагы азырынча белгисиз аял;

5. 20-25 жаш курактагы азырынча белгисиз эркек.

Соңку айтылган аял-эркектин аты-жөнү азыр такталууда.

 

Жаракат алгандардын аты-жөнү:

 

1. Салиева М., 1999-жылы туулган, Чүй аймагынын тургуну;

2. Бекова Р., 1991-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну;

3. Патеков С., 1949-жылы туулган, Тажикстандын жараны;

4. Патеков Б., 1973-жылы туулган, Чүй аймагынын тургуну;

5. Иднятов Х., 1992-жылы туулган, Тажикстандын жараны;

6. Бекназаров Р., 1966-жылы туулган, Тажикстандын жараны;

7. Бекназаров О., 2002-жылы туулган, Тажикстандын жараны. (Г.Т)