Бишкекте этникалык кыргыздардын маселелерин талкуулаган жыйын өттү (сүрөт)

Бишкекте этникалык кыргыздардын маселелерин талкуулаган жыйын өттү (сүрөт)

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Бишкекте бүгүн этникалык кыргыздардын маселелерин талкуулаган "Этно кеңеш-2023" аталышындагы жыйын өттү.


Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министринин жаштар саясаты боюнча орун басары Марат Тагаев, маданият министринин этностор аралык мамилелер боюнча орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын маданият жана билим берүү боюнча эксперти Айнагүл Чолова жана кытайлык, тажикстандык, өзбекстандык, түркиялык кыргыздардын өкүлдөрү катышты.


Алардын катарында Борбор Азиядагы Америка университетинин Искусство, гуманитардык илимдер жана коммуникация бөлүмүнүн проректору Данияр Карабаев, ишкер Токтобүбү Оргалча, коомдук ишмер Зайниддин Тагаев, Тажикстандагы этникалык кыргыздардан чыккан акын Мухаммет Султанов, акын, кытайлык кыргыз Мамбеттокто Өмүр, Түркияда туулуп өскөн этникалык кыргыз, мугалим Атилла Гувен, "Этностан" маданий борборунун негиздөөчүсү Каныбек Толкун уулу жана бир катар этникалык кыргыздардын өкүлдөрү бар.


Этно кеңеш кытайлык кыргыз Асанали Калил уулунун манас айтуусу менен башталды.


Иш-чарада этникалык кыргыздарга жер берүү маселеси, жарандык алуу, билим алуу, жумушка орношуу, этникалык кыргыздардын Кыргызстанга келгенден кийин пенсияга чыгуусу, пенсия алуусу сыяктуу бир топ маселелер талкууланды.


Этностан маданий борборунун негиздөөчүсү Каныбек Толкун уулу коомдук бирикменин ишмердиги жана максаты менен тааныштырды:


"Этностан" маданий борборунун максаты Кыргызстан менен этникалык кыргыздар ортосунда маданиий-гуманитардык байланыштардын түзүлүшүнө көпүрө болуу, жалпы эле этникалык кыргыздарды колдоого алып, алардын маданиятын жайылтуу болуп саналат. Алардын виза, кайрылман макамын алуусуна жардам көрсөтүү. Билим алуу болобу же жумушка орношуубу же жана башка багыттарда бололбосун бизге кайрылса, суроолоруна жооп таап берүүгө аракет кылабыз. Алдыда жалпы этникалык кыргыздардын маданияты, алар жөнүндөгү маалыматтарды чогулткан этностан.kg деген аталышта сайт түзүүнү пландап жатабыз. Бул сайтка дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде жашаган этникалык кыргыздардын демографиялык маалыматтарын, алардын жетишкендиктери, жасап жаткан иштери, маданияты тууралуу видео, аудио, жазма маалыматтарды жайгаштырабыз".


Андан сырткары, Каныбек Толкун уулу "кайрылман" макамын "улутташ" күбөлүгүнө алмаштыруу сунушун да көтөрдү.


"Урматтуу президентибиз Садыр Жапаров депутат кезинде сунуштап, кайрылман макамын алуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун ишке ашырган эле. Азыр көпчүлүгүбүз ушул долбоордун негизинде кайрылман күбөлүгүн алып, анын артынан жарандык алып, бул жакта жашап келе жатабыз. Бирок кайрылман күбөлүгү аталыш жагынан биздин арабызда көп суроо жаратууда. Себеби, «кайрылман» деген сөз мурда Кыргызстандан кетип, кийин кайра кайтып келген деген маанини туюнтат экен. Бул жерге келген кыргыздардын бардыгы, кыргыздардын тарыхий мекенинен экинчи тарыхий мекенине келгендер болуп саналат. Ошондуктан «улутташ» деген сөзгө өзгөртсө дагы жакшы болот эле", - деди Каныбек Толкун уулу иш-чарада сүйлөп жатып.


Ошондой эле Толкун уулу "Этностан" коомдук бирикмесинин алкагында маданият, илим-билим жаатында "этноайтыш", "этнобилим", "кыргыз дүйнө", "этностук маданияттар", "этноблог" өңдүү долбоорлор менен тааныштырып, ишке ашыруу жолдору пландалып жатканын кошумчалады.


Этно кеңештин экинчи бөлүгүн боордош төкмө акындар Мамбеттокто Өмүр жана Мухаммед Султан уулу ачып берди. Акындар этникалык кыргыздардын ыраазычылыгын жана суранычтарын ырга айлантышты.


Өз учурунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кеңешмеде көтөрүлгөн маселелердин чечилүүсүнө болгон аракетин жумшарын айтты.


Ал министрлер кабинетинин этникалык кыргыздарга карата долбоорлору тууралуу тааныштырып, боордош туугандардын маселелери эч качан четте калбай турганын, улутташтар жашаган өлкөлөр менен эки жактуу пайдалуу, маанилүү келишимдерди түзүүгө, мамилелерди курууга жана жакшыртууга аракеттер көрүлүп жатканын, ал иш мындан ары да улана берерин билдирди.


Аягында өкмөттүн өкүлдөрүнө жана катышуучуларга чакан белектер ыйгарылды.


"Этностан" коомдук бирикмеси 2021-жылы негизделген. Бирикменин максаты Кыргызстан менен этникалык кыргыздар ортосунда маданий-гуманитардык байланыштардын түзүлүшүнө көпүрө болуу. Этникалык кыргыздарды колдоо жана маданиятын таанытуу жана жайылтуу. Этностан коомдук бирикмесине Кыргызстан баш болуп, этникалык кыргыздар жашаган Кытай, Түркия, Өзбекстан, Тажикстан жана Ооганстандык кыргыздардын өкүлдөрү кирет.


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 2022-жылы башка өлкөлөрдө жашаган 507 этникалык кыргызга кайрылман макамы берилип, Кыргызстандын паспорту тапшырылган. Мунун 338и тажикстандык кыргыздар, 151и өзбекстандык кыргыздар, алтоо Кытайдан жана он чактысы Афганистандан келген кыргыздар.


Учурда расмий маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда 300 миңден ашуун, Тажикстанда 55 миңге жакын этникалык кыргыз жашайт.

 

Bishkek EtKg lyiyn 2023 3  Bishkek EtKg lyiyn 2023 4
Bishkek EtKg lyiyn 2023 6 Bishkek EtKg lyiyn 2023 5 Bishkek EtKg lyiyn 2023 2