Алга, Жапар !

Алга, Жапар !

Жердешибиз, Сатаров Жапар Маматсалиевич Ыраң-Көл айылында төрөлүп, айылдын турмушу менен чоңойду 2018-жылы айылдагы №4 А.Шаиков атындагы жалпы билим берүү мекемесин ийгиликтүү аяктаган соң Ош шаарындагы социалдык университеттин алдындагы курулуш колледжине тапшырат. Спортко шыктуу чымыр денелүү Жапар окуусу менен кошо Ош шаарындагы “таймаш” спорт залында бокс боюнча машыгып баштайт.

 

Тез эле ийгиликтерге жетишип, Ош жана Жалал-Абад облустарында өткөн бокс боюнча бир канча мелдештерде биринчиликти жеңип алат. Жапардын жөндөмүнө баа берген машыктыруучусу Айбек агай согуш өнөрү боюнча машыгууну сунуштайт.

 

Бул спорттун түрү менен бир жыл машыгып, быйыл Ош облусу боюнча өткөн мелдеште 67 кг салмакта биринчиликти жеңип алат.

 

Эми, Ош областынын эрежесиз эр уруш спорттук командасынын курамында республикалык чемпионатка жолдомо алды. Июнь айында Чолпон ата шаарында өтө турган эл аралык мелдешке кызуу даярданып жаткан учуру.

 

Бул мелдештерде да чоң-чоң ийгиликтерди жаратарына Ыраң-Көлдүктөр терең ишенебиз. Алга, Жапар алга!

 

Ыраң-Көл айылынын тургундары