Алтынбүбү Рысмахамат кызы: "Кара - Балта"

Алтынбүбү Рысмахамат кызы: "Кара - Балта"

Сары-Өзөн, Чүй, Кара- Балта

Койнуң кенен рахмат сага

Сары-Кол элин өзүнө боордош

Конушун тапты өзүңдөн мына

 

Мага окшоп келген сан жетпей барат

Кең пейил элиң кучагын жайат

Керемет сенде, береке сенде

Калкына таазим жүрөгүм айтат

 

Ар улут жашайт ынтымак сактап

Ар бири өздүк салтыны баалап

Көп улут жашайт бир-бирин сыйлап

Көптөрдү көрдүм өз тилин барктап

 

Кара-Балта берекелүү мекен экен

Элдин баары түшүмүн жеп эгин эккен

Кагылайын өзүңдөн баар табайын

Касиеттүү экинчи мекеним сен !

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.