Орунбаева Ниса

Орунбаева Ниса

Орунбаева Ниса 31.06.1949-жылы Кызыл-Рабат жамаатына караштуу Токтомуш айылында туулган. 1954-1962-жылдары сегиз жылдык мектепти бүтүрүп 1963-1966-жылдары Мургаб районундагы №1 В.И. Ленин орто мектебини бүтүргөн . 1966-1970-ж.ж. Душанбе шаарындагы мединстиутунда окуган. 1970-1975-жж айылдык медпункта иштеген.1975-жылдан тартып 1994-жылга чейи Ыраң-Көл кыштак советинин аткаруу комитетинин төрайымы болуп иштеген. 1975-1995-жылдары райондук эл депутаттарынын депутаты болгон. Талыкпаган эмгеги үчүн Өкмөт тарабынан бир нече жолу ардак грамоталар, түрдүү юбилейлик медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланган. Учурда ардактуу эс алууда. 4 кыз, 3 уулдун энеси,30 небере,3 чеберенин бактылуу чоң энеси.

 

ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮР ЖАНА ҮЛГҮ БОЛОРЛУК ЖАШОО САЛТАНАТЫ

 

Бул күнү райондун Ыраң көл жамаатында Мургаб райондук мамлекеттик бийлигинин жергиликтүү аткаруу органынын төрагасынын атайын чечими менен Мургаб районунун ардактуу эмгек ардагери Орунбаева Ниса апанын 70 жылдык кутман курагынын юбилейи өткөрүлдү. Бул аземге Ниса апанын өмүрлүк жолдошу районго белгилүү аксакал Болотов Балтабай менен баш кошуп, бирге жашаганынын 50 жыл толуп жана дал келип, бул өрнөктүү өмүр менен үлгү болорлук турмуш куруу юбилейдин шаңын, аброюн дагы көтөрдү.

 

Эл-жерине ак эмгеги менен таанылып, калк кадырлаган эмгек ардагери Орунбаева Ниса апанын юбилейине өзү менен бирге иштешкен үзөңгүлөш кесиптештери, районду башкарып келген Сайра Абырахманова баштаган кадырман ардагерлер, мекеме-уюмдардын жетекчилери, бирге жүргөн курдаш достору, тууган-уруктары жана таалим алган шакирттери келишти.

 

Мургаб райондук мамлекеттик бийлигинин жергиликтүү аткаруу органынын төрагасы, Оли Маджилисинин мүчөсү Жоошбаев Мурзабай Абилакимович куттуктоо сөзүн сүйлөп, райондун кадырман ардагери Орунбаева Ниса апанын өмүр таржымалына, эмгек жолундагы эли-жерибиз үчүн, район үчүн талыкпай иштеген бараандуу эмгегине кеңири токтолду. Андан ары Ниса апанын Союз таркагандан кийинки өткөөл мезгилдеги кажыбас эмгегине жана жеке адамдык сапаттарына, өзгөчө жаштарга, өсүп келаткан жаш муундарга үлгү болорлук акыл-насааттары менен айкалышкан иш-аракеттерине басым жасады. Ардагер апанын калк үчүн кайсы гана маселелер болбосун жатыгы-орду менен коюп, айтып келаткан калыстык, баалуу кеңеш салымдарына токтолду. Сөзүнүн акырында райондун төрагасы ардактуу ардагер апанын кутман курагы жана жубайы урматтуу Болотов Балтабай аксакал менен бирге өмүр кечирген 50 жылдык маарекеси менен чын ыкластан куттуктап, узак өмүр, чың ден соолук каалоо менен, мындан ары да эл сүйгөн, калк кадырлаган аксакалыбыз болуп жүрө бериңиз, Сиздин нускалуу кеп-кеңешиңиз ар бир өсүп келаткан муун үчүн зарыл жана керек деп баса белгиледи. Ниса апага ардак грамота жана эс алып келиңиз деп Ямчун эс алуучу жайына атайын путевка жана белектерин берди.

 

Өз сөзүндө райондун төрагасы районубуздун гүлдөп өнүгүүсү үчүн болуп жаткан мамлекеттик иш чараларга, Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү, улут Ажосу-Тажи- кистан Республикасынын Президенти урматтуу Эмомали Рахмондун район үчүн камкордугунун негизинде бул жылы районубузга илгери болуп көрбөгөндөй инвестиция киргенин жана долбоорлор ийгиликтүү ишке ашып жаткандыгына кеңири токтолуп, Мургаб районубуз жаңыруунун, өнүгүүнүн жаңы жолунда ишенимдүү баратканын баса белгиледи.

 

Андан кийин кесиптештери эмгек ардагерлери И. Шаджанов, Т.С. Абдырахманова, Колчокбаев, А. Курбаналиев, Ж. Алипбеков, Г. Ниязбеков, жамаат жетекчилери ж.б. көптөгөн мекеме-уюмдардын жетекчилери, ажы абалар, тууган-уруктары куттукташып, ардагерге берекелүү өмүр, бакубат жашоо каалашты жана белектерин тапшырышты.

 

Салтанаттын аягында Орунбаева Ниса апа сөз сүйлөп, ушул иш чараны райондук деңгээлде белгилеп, өткөрүп жаткан областык жана райондук Өкмөттөргө, алардын төрагалары Шодихон Жамшедке жана Мурзабай Жоошбаевке терең ыраазычылыгын билдирүү менен, ушул маарекеге катышып, каалоолорун ыроологон калкына алкышын айтты. Андан соң, элге, журтка аманчылык, тынчылык каалап, эл келечеги үчүн биримдикке, талыкпаган эмгекке чакырды. Жаш кадрларды эл менен бирге болуп, эл-жер үчүн кызмат кылууга үндөдү.

 

Салтанаттуу аземди Ыраң көл жамаатынын С. Ниязбеков атындагы көркөм өнөр мектебинин мугалимдери, жаш таланттары, ыраң көлдүк төкмө акын М. Маманиязовдордун шаңдуу ыр-күүлөрү, бийлери коштоп, салтанаттын ажарын ачты.

 

Ошентип, Ыраң көл жамаатынын ардагери Орунбаева Ниса апа быйылкы жылы 70 жашка келип, өмүр шериги Балтабай аксакал менен 50 жыл бактылуу жашап, уул-кыздарынын, не- берелеринин бактылуу энеси, алган жарынын, үй бүлөсүнүн дөөлөттүү байбичеси, жаштардын насаатчысы болуп балкып турган чагы.

 

Урматтуу Орунбаева Ниса апа! Кутман курагыңыз кут болсун! Ылайым, ден соолукта болуп, уул-кыздарыңыз, алган жарыңыз менен бактылуу өмүр сүрө бериңиз! Ылайым, ушундай эли-жери үчүн ак кызмат кылган акылы тунук, ардактуу ардагерлерибиз арбын болсун!  (10.08.2018-ж)

 

"САРЫКОЛ" пресс

Г.Ниязбеков

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены