САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Мирлан Аблечов

САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Мирлан Аблечов

Аблечов Мирлан Бактыбекович 1999-жылы 18-майда Мургаб районунун Ыраң-Көл айылында туулган.

 

Азыркы күндө Ош мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти.

 

2018-жылы Сары-Кол жергесинде түзүлгөн "Жаңы Доордун Уландары" тобунун мүчөсү.

 

 

 

 

Ата журтум


Кайберендер чыйыр салган зоосунун

Ыйыгы бар ырысы бар тоосунун

Ак булуттар саамайынан сылаган

Ата журтум тоолоруңдун досумун

 

Мунуң билген мөнгү чоку кыр таштын

Кара-Көлдүн толкунуга муңдашмын

Ажыдар көл, Булуң-Көл, Туз-Көл дүйнөм

Ата журтум Ыраң-Көлгө сырдашмын

 

Таның атат агарып нурга толгон

Тоолоп топоз жайылып жылга толгон

Даары суулар, мазарлар, кереметтер

Ата журтум түгөнбөс сырга толгон

 

Жыл куралып жеңил күндөн татаалдан

Тең жазылып таарых болуп катаалдан

Өчпөс болуп ташка тамга баскандай

Ата журтум Сарыкол деп аталган

 

Мүрзөлөргө барганда


Барган кезде мүрзөлөрдүн жанына

Жан ачышып көөдөнүңдө жанасың

Таш сайылган дөң гынап топурактар

Бирө көмгөн бир жалгызы тагасын

Бирө көмсө жарты кадыр өгөйүн

Бирө көмгөн жандай көргөн баласын


Карап туруп канап жүрөк ачышат

Топуракта жатат жандаш тууганың

Алган экен айосу жок шум ажал

Ылгабастан жаш карысын курагын

Бирө көмсө кошунасын кырк жылдык

Бирө көмгөн бир боору бир тууганын


Эсиңди алат эсеби жок мүрзөлөр

Көргөн сайын көзүңдө жаш кан ичте

Күнөөсү жок периштеге айланган

Топуракта жатат бөбөк наристе

Уул көмүлгөн асынып жанын кыйган

Кыз көмүлгөн уу ичпестен бал ичсе


Бирө көмгөн досуну кыйаматтык

Бирө көмгөн эрке мүнөз кенжесин

Агасыны а бирөсү инисин

Бирө көмгөн карындашын эжесин

А бирөнүн атасы топуракта

Бирө көмгөн бейиш таман энесин


Жакшы күн бар жакшыга орнок да бар

Жаман күн бар жаманын көрмөк да бар

Канча жандар коштошкон жарык менен

Башка түшсө бай талат көнмөк да бар

Сен да мен да кетчүлөрбүз кез келип

Жаралуу бар жан кирип өлмөк да бар


Сулууга


Бүгүн сулуу мен түн менен сырдаштым

Көп сырдашттым көпкө чейин муңдаштым

Сага болгон сезимдердин чеги жок

Балким аны сен сезбейсиң туйбайсың


Түнгө айттым, жан дүйнөмдү саматты

Сулуу жүрдү сымбаты куп жарашты

Уялынкы карап менин көзумө

Тынч дүйнөмдү сыйпап өтүп канатты


Сундум сага махабаттын тазасын

Тарттырбачы мага сүйүү жазасын

Макул дечи жок дебечи кыйнаба

Бүт сезимим сен деп гана жашасын

Сарыколум кыргыз жыттуу кыргыз жер

 

Жашыл шибер түз талаалар тегиздер

Кулжа баскан кыр кыр чоку эгиздер

Кең дүйнөнүн сулуулугун батырган

Сарыколум кут төгүлгөн бейиш жер

 

Араласаң жылгаларда ашуу бел

Шамал согот таза аба салкын жел

Конок пейил, меймандос ак көңүлдүү

Менин элим ачык маанай асыл эл

 

Алыстарда уул кыздар жигиттер

Алыстарда турмуш кыстап жарым эл

Кайда болсок сен жүрөктө жашайсың

Сарыколум кыргыз жыттуу кыргыз жер

 

Досума

 

Сагындым досум жан досуң

Сагынып жүрөт тумчуга

Мекенди коргоп алыссың

Аман кайт ата журтуңа

 

Чыныгы жигит эрдиги

Элиңди коргоо экенин

Аткарып парзын жигиттик

Жоокери болдуң мекендин

 

Айылдан салам сен өскөн

Журтуңдан салам сен кеткен

Биз жүргөн күндөр жан досум

Досуңду азыр дегдеткен

 

Сагынып сен да күн санап

Аяктап кызмат бүтөрүн

Жыл калды кайра кезигер

Жан досум сени күтөмүн


Тепседиң махабатты

 

Тепседиң махабатты кордодуң да

Унут деп өткөн күндү зордодуң да

Башка үчүн бакыт болдуң түбөлүккө

Шакегин салдың дагы колдоруна

 

Ичирип жан дүйнөмө сүйүү уусун

Урттадың бөлөк менен нике суусун

Кезигип көчөлөрдөн жарың менен

Сепбечи сен жарама сүйүү тузун

 

Күйүт кыйнап күйүктүм да оорудум

Кечир дебе кечирем кай жоругун

Тагдыр бизди кошбоду арга канча

Апам сага салбады ак жолугун

 

Аттиң кылып алалбайм сүйүү кегин

Бактылуу бол бакыт тап келет дегим

Буйруган бир жакшысын мага дагы

Кудайым насип кылса кошот теңим

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

-//-

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.