Жаштарга

Жаштарга

Жаштар биздин келечек,
Жашообузга нур себет.
Бар болгула ар дайым,
Силерге ким тең келет.

 

Жаштар барда иштер көңүлдүү,
Жаштар үчүн узак берсин өмүрдү.
Ушул жылы ыйман адеп өнүгүп,
Туш тараптан бакыт нуру төгүлдү.

 

Жаштар алга желбиретип байракты,
Эрденгиле бекем кармап кайратты.
Канчалаган баатыр чыккан элимден,
Канча жолу душман колун кыйратты.

 

Ушул майрам даңктуу өтүп элимде,
Тынчтык менен ынтымактык жеримде.
Келечектин ээси болуп дайыма,
Алга, алга биздин жаштар келгиле.

 

Жаштар үчүн быйыл кандай салтанат,
Элим жыргап, өлкө гүлдөп даңктанат.
Эч кайгырбай узак өмүр сүргүлө,
Эрктүү болуп эл четинде жүргүлө.

 

Сейитов Каныбек, №4 жалпы орто билим берүү
мекемесинин мугалими, Ыраң-Көл айылы

«САРЫКОЛ» пресс

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.