Замандашыма

Замандашыма

Жаман ишке ачсаң дагы жолду кенен,
Жаратканым жакшылыгын үзбөй берген.
Замандаш терең ойлон баардыгыны,
Суранам жүрсөң бөлө ордуң менен.

 

Жалкоолуктан жадап дагы талыкбаган,
Көрө албастык оорудан айыкпаган.
Керсейип куру сөздү айтып анан,
Убадага бек туруп жарытбаган.

 

Алыс болчу эки жүздүү жамандардан,
Үлгү алчы татыктуу адамдардан.
Адашбачы туура баскан кадамдардан,
Замандашым Адам болуу эң башыдан.

 

Замандашым Адам бойдон жашачы,
Кечирилет жакшылардын катаасы.
Жакшылык кыл бир бирине ар дайым,
Тиет сага Эли-жериң батаасы.

 

Рахат Кушмаматова

Мургаб - Исфана

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.