Паашахан Кенжебаева: "Эски журт"

Паашахан Кенжебаева: "Эски журт"

Турмуштун көрдүм ыраатын

Кара манат бөктөрдүм,

Кадырлуу чалым сен менен.

Жаштыктын жыргал дооруну,

Каткырып жүрүп өткөрдүм.

 

Ак аркак манат бөктөрдүм,

Айланып шаар көп көрдүм.

Аманат жашоо өмүрүм,

Армансыз жыргал өткөрдүм.

 

Жашообуз кетпей бир демде,

Жакшынам кеттиң сен эрте.

Жанымдан дайым чыгарбай,

Бассам да.турсам сен эсте.

 

Жакшы менен жаманды,

Катташып жүрүп көп көрдүм.

Жашоодо ысык, суукту,

Башымдан деле өткөрдүм.

 

Чоңойуп уул-кыздарым,

Тойлорун берип өткөрдүм.

Жеткирип кудай максатка,

Небере сүйүп көтөрдүм.

 

Чөктүрбөй эрте көңүлдү,

Көрөйүн берген өмүрдү.

Кудайым өзү маңдайга,

Белгилеп койгон өлүмдү.

Эски журт

Эңсеп бир көрүп кеткени келдим,

Секелек жүргөн эски бир журтум.

Балалык кезим ушунда калды,

Эстен го кетпес эски бир журтум.

 

Жайкалган шибер жапжашыл көкмөк,

Аңкыган жыттуу, гүл өсчү дайым.

Издеп бир азыр таппадым аны,

Ташканак тизип ойногон жайым.

 

Андан бир бери көп жылдар өттү,

Жамгырлар эчен нөшөрлөп төктү.

Тамдардын орду таптакыр түптүз,

Азайып суулар агат ко үнсүз.

 

Отуруп суунун жээгинде көпкө,

Балалык кезим, сагынып өтө.

Сен менен кайра коштошуп келдим,

Көзүмө жылуу эски бир журтум.

 

Жашына калып дөмөргө сойлоп,

Жашырмак ойноп жүргөнгө журтум.

Жашабай азыр бул жерде эч ким,

Жымжырттык өкүм сүрүптүр журтум!

 

Жалал-Абад областы,

Майлы-Суу шаары

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.