Окуучулук күндөрүмө кайрылам

okuuchuluk-k-nd-r-m-kairylam 1Эстейм сени өтүп кеткен балалык

Кайра келчи бир моокумдан каналык

Баарыңарды көз алдымдан өткөрүп

Эстөө үчүн болуп келем убакыт

 

Кайдасыңар классташтар алтындар

Силерди эстеп сагынууга акым бар

Тагдыр буйруп алыстыкта турсам да

Силерди ойлоп жаза турган ырым бар

 

Менин ырым силер үчүн арналат

Балалыкка тартып мени баратат

Бирок алыс тээ алыста ыраакта

okuuchuluk-k-nd-r-m-kairylam 2Күңүрт болуп араң эле байкалат

 

Жакшы өттү менин алтын балалыгым

Жаз гүлүндөй жайнап турган убагым

Баарыңарды уюштуруп даярдап

Классыбыз алдыда жүрдү дайым

 

Конкурстарда биринчи орун алчу элек

Абдан жакшы даярданып чыкчы элек

Ошондо биз балдар кыздар баарыбыз

Кандай сонун ынтымактуу дос элек

 

Коштошуп биз онунчуну аяктап

Эң бир жакшы класс элек байкасак

Коштошуу кечесин да өткөрүп

Ар кимибиз ар кай жакка тарадык

 

                         II

 

Баарыңарды эстеп эстеп сагынам

Балалыгым көргүм келип зарыгам

Тээ алыстан кылт этип бир көрүнүп

Узап кетти балалыгым сагынткан

 

Эсте калган окуучулук убагым

Сонун өткөн ошондогу курагым

Баарыңарды көргүм келип ансайын

Эстей берип ичим бышып турамын

 

Чачтарыбыз агарып булут чалган

Каарылык да астыбызды тооруп алган

Элүү жаш бир карасаң экинчи өмүр

Баш багып чыгып турган булуттардан

 

Элүү жаш баарыңарга куттуу болсун

Ар бир үйгө бакыттын күшу консун

Неберелер оюн куруп шаңга бөлөп

Кубанычтар ар бириңди коштоп жүрсүн

                       III

 

Сагынган сагынычтуу балалыгым

Небере кыялынан жолуктурдум

Өзүмдүн балалыгым күндө көрүп

Неберелер күлкүсүнө канып турган

 

Баарыбыз чоң энебиз чоң атабыз

Кээ бирлер таяэнебиз таятабыз

Кудай буйруп кут болсунчу ушул курак

Небере күлкүсүнө калып турган

 

Кайда жүрсө досторум аман болсун

Бактылуу каарылык дөөлөт консун

Ар бириңдин тилегиң ишке ашып

Аллахым ар убакта колдоп турсун

 

Тагдыр буйруп жолугушчу жолдор бар

Бул жалганда табышмактуу сырлары бар

Ар кимибиз ар кай жакта жүрсөк да

Жолугушуп чер жазышчу күндөр бар

 

Мургаб шаарчасына караштуу В И Ленин атындагы орто мектебинин

1983-84-окуу жылындагы 10А классынын бүтүрүчүлөрүнө арнаймын.

Эркеайым Мамытова

Мургаб-Бишкек

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.