Мен киммин ?

Мен киммин ?

Мен киммин ? ойноп жүргөн жаш жүрөкмүн.
Ыр жазалбай күнүгө жүдөмөкмүн.
Ыр жазам акынмын деп мактанбаймын.
Жашомду ырсыз элестете албаймын.

 

Мен киммин ? Эл сыяктуу бир адамын.
Жүрөгүм баарынан да ырга жакын.
Сөз чогултуп андан мындан китеп жазып.
Максатым алуу эмес акын данкын.

 

Акын жолу өтө ыйык жол көлдөй терең.
Китеп жазба акындарга тең келбесең.
Кээ бир наадан ойлонбой китеп жазат.
Акынмын деп уялбай төшун кагат.

 

Мераж Теитбаев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.