Эстебес Таштанбеков: "Мекеним сага барамын" (ыр жыйнагы)

Мекеним сага барамын

 

Талдыктын белин ашканда,

Тескейге багыт алганда,

Тезирээк жетип барсам деп,

Тездикти тэпсем сонунда.

 

Кызыл-Арт белин ашканда,

Кызарып күнгөй алдымда,

Кулачым жайып кубанып,

Карап бир турсам сонунда.

 

Сары-Колум чеги башталып,

Сагынычтар чети арбалып,

Сагынып тоолор, түз талаа,

Сайларда карайт суу бууланып.

 

Кара-Көл көлү кулпуруп,

Келгенсийт мага умтулуп,

Кайда жүрдүң көрүнбөй,

Кетинго дейби унтулуп.

 

Рабат, Мускөл, Ак-Байтал,

Рахмат айтаар бир катар,

Раң-Көлдүк кулунум,

Раас келдин деп айтар.

 

Чечектида сүйүнүп,

Черимди жазар күлгүзүп,

Четте турат Чырак-таш,

Чырагын жарык күйгүзүп.

 

Ахбалын сурап ар бир туугандан,

Амандашып дос-жар эли журтумдан,

Аят окуп дуа кылып кайтамын,

Ата-Энемдин жаткан жайлуу жайыдан.

 

Кадырлаймын тууган урукту,

Кандайсыз дейм эли журтумду,

Кабар алып дуа кыламын,

Кабырыны Ата Бабамдын.

 

Мына ушунтип Раң-Көлдү самаймын,

Мына жылы буйрас эле барамын,

Мекенимдин турпагына, шамалына,

Менда тумаланып оонап кайтамын.

 

Бул дүйнөдө не артык

 

Айып болбойт кылганың

Аздык кылбайт тапканың

Акылдашып ар дайым

Аткарылган иш артык

Аксакалдан батаа алып

Алга жылган жол артык

Алыс жолуң жакындайт

Аратырдын сөзү артык


Жатып ичер жалкоодон

Жарты мүчө болсода

Жаратканга шүгүр деп

Жабыркатпай жүрөгүн

Жайнап күлүп жайбаары

Жан алынча күжүрмөн

Жардам албай бөтөндөн

Жашап жүргөн жан артык


Балалуу үй базар дейт

Бакытыңдын ачкычы

Бак олтургуз жериңе

Байлыгыңдын башаты

Барына канаат кылганың

Бардарсынбай жашагын

Баары болот Алладан

Бул жашооуң эң артык


Жыландыда ийининен чыгарган

Жумшак сөздүү жан артык

Жылытып маңдайыңды сылаган

Жакындарың туугандарың бары артык

Жараткан кошуп койгон нике гайып

Жанашып жандай көргөн сүйүү артык

Жан дүйнөң кайгырып капаланса

Жаныңда жардам кылар досуң артык


Сабыр түбү сары алтын

Санаа тарпай тагдырга

Сараң болбой байлыкка

Сарамжалдуу киши артык

Сен дегенге мен дебей

Сенсирешпей сиз деген

Сылык сыпа жашашып

Сыйлашышкан жар артык


Эл оозуна элек тоспо

Эзелтеден калган сөз

Эл журтуна эрегишпей

Эстүү болгон бул артык

Эр жигиттин үч журтунан

Эл куралат билерсиң

Элим аман мен аман

Элиме тийген күн артык

Нургабым

 

Сап сап тоолору

сала сала золору

Сан кылымды каарыткан

Сары-Колумдун борбору

Мургабым деп айтамын

Нуркабым деп жазамын

Мургабымдан жаралган

Нукура кыргыз баламын

 

Жаратылыш жагынан

Жан дүйнөмдү багынткан

Жапыз өскөн талыдан

Жарашышкан абыдан

Мургабым дем айтамын

Нуркабым деп жазамын

Мургабымдан жаралган

Нукура кыргыз баламын

 

кайырма

Дарыясы дайра болгон Нуркабым

Дайрасында балык улап Мургапчым

Дайым ырым Мургабым

Даңазалап турамын

 

Тажик кыргыз аралаш

Тага жээн кудалаш

Тарыхыны карасаң

Тагдырыда оп окшош

Ушундай деп ыр жаздым

Урушпагын Мургапчым

Улгайганда акын кылдың

Устатымсым Нуркабым

 

Дагы айтам бир эки ооз

Дал келишкен ышкыбооз-

-даарын айтып турбаса

Дал окшободу ырым кооз

Эл ичинде талант көп

Эсеби жок эби төп

Эстебестей акынга

Эми мени дагы кош

 

Ырыспайдын ырларын

Ырдайт тартып ымыран

Токтогулдун кербезин

Толгоп ырдайт комуран

Манастын үч томуну

Магдыратып айтышкан

Малчысыда жөн эмес

Маш ботойду чалышан

 

Тажиктердин домбурасын

Так өзүндөй чертишкен

Тамашалап күлдүрүп

Тамсилдери келишкен

Орустардын мандалинин

Окшоштуруп беришкен

Олуясы жоомарт эл

Ой ушундай укмуш эл

 

Казактардын дамбырасын

Кагыптагы коюшкан

Кайчылаш буттарын

Кара жорго бийлешкен

Өзүбектин сурнайын

Өздөрүндөй керебиз

Өйдө төмөн көтөрүп

Өздөрүнө беребиз

 

Классташтар

 

Классташтар курбулар кайдасыңар

Кай жактарда болуп жатат оокатыңар

Канча жылдар арта калып билинбей

Кай бириңден болбой калдык кабардар

 

Ар бирибиз тириликке алышып

Артарапка кеттикпи сагынышып

Айлар жылга алмашып бир заматта

Ал ансайын келе жатат карылык

 

Кечээ эле бирин уул бирин секелек

Келген элек бир класска эртелеп

Кереметтүү балалык кез 10 жылды

Келбедикпи бир мектепте эсептеп

 

Арбириңдин кулагына кумуш сырга

Айпадың деп чыкпагын бир заматта

Амандашып чогулалы калассташтар

Аз калдыго 25 жыл юбилейлик тоюбузга

 

Кандай болуп өзгөрдүк карайлычы

Кай жылдарды эске салып айталычы

Кайтпасда балалык көз арт тарапка

Кажылдашып аймалашып алалыкчы

 

Ар ким айтат биздин классташтар

Арбир беш он жылда чогулушуп турушаттар

А мен айтам айтылуу чындык кепти

Анчалык көп чогулушпайт биздин классташтар

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.