Элиме кат

Элиме кат

Афганистан жеринде туулуп өскөн 14 жаштагы Таабалды деген бала отун алып журуп. бороондо өз үйүн таба албай адашып Сары-Колго келип калат. Бул жактан кайра кетүүгө уруксат болбогондуктан, өзүнүн элине каттаган жолочудан кат жиберет. Бул катта Таабалдынын жат эл, жат жерде кыйынчылык көрүп, ата-энесин жана инилерин сагынып арман кылгандыгы баяндалат. Ал киши Байматов Таабалды Нургап районунда өмүрүнүн акырына чейин жашап, бала-чакалуу болду. Бирок өзү Ооган жериндеги туугандарына бара албады.

 

 

Аргымак жалын алты тал,

Өтөp күндөр болсочу.

Айланып барып элимди.

Көрөр күндөр болсочу.

Тобурчак жалын тогуз тал.

Өтөp күндөр болсочу.

Тоорулун барып элимди.

Көрөр күндөр болсочу.

Айлама камчы колдо жок,

Айландырып карасам.

Айдыным атам мунда жок.

Толгомо камчы колдо жок.

Тоорулушуп карасам.

Топурум энем мунда жок.

Кадырназ өскөн жеңе экен.

Калкалап баккан энекем.

Кара манат бөктөрдүм.

Кадырын билбей өткөрдүм.

Жашыл манат бөктөрдүм.

Жаш экенде кичиглик.

Билбестиктен өткөрдүм.

Эгизгe жаавай кар кайда.

Элибиз узак бепайда.

Капыска жаавай кар кайда,

Карчыга куштун канаты.

Кат байласам жетпеди,

Кайгырып дардим кетпеди.

Илаачин куштун баласы,

Кат байласам жетпеди.

Ичимден дардим кетбеди,

Ак түйүнчөк тамеки.

Агама белем амеки,

Көк түйүнчөк тамеки.

Көргөнгө белем амеки.

Асмандагы булутту,

Ак шамал айдап курутту.

Туугандар бизди унутту,

Ак зоодон туман пастады.

Айланайин жакшылар,

Ашкере душман хастады.

Көк зовдон туман пастады,

Көрүнөө душман хастады.

Ак дариа улув сув,

Бойлой бекен журтубуз.

Ажырап аман кетти деп,

Ойлой бекен журтубуз.

Тилажан менен Сатима, (Тилебалды. Сатыбалды)

Тизип бир жазам катыма.

Таабалды мунда зарланат,

Экөөңдү ойлосом.

Уйкум келбей тан атат.

Овгандын жери Иш-Каман.

Жокчулук кургур көп жаман.

Ар иш болсо көрөйүн.

Колго түшкөн күндөрүм.

Раң-Көл жерим саз эде,

Олуясы жар эде.

Айдыным атам эр эде.

Ахыргы өткөн харылар.

Эвийирдув пэрилэр,

Ак сакалдар жакшылар,

Бармактайдан бирге өскөн,

Бардык сырды бир чечкен.

Тели теңтуш туутандар.

Ушул күндү көргүчөм,

Туулбай туна чөгөйүн.

Өз элиме качуунун.

Айласын издеп көрөйүн.

Тилаза менен Сэтимдин

Ак бетинен өбөйүн.

Айласин таппай мен калсам,

Армандуу жаштык кезимдин,

Ажирин тартып өлөйүн.

 

Ырды айтып берген: С. Пирмамбетов

Жазып алган: А. Сапарбаев

Раң-көл айылы 1967 ж

 

 

“ПАМИР КЫРГЫЗДАРЫ” - 2003

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.