Ө.Бердибаев: “Уламыштар, ыр саптар”

Ө.Бердибаев: “Уламыштар, ыр саптар”

Бул окуя Көөнө-Коргондо бир мааракеде Ыраң-Көлдөн келген Осмон апыз куу кулак менен Аличорлук Бөрүбек апыз айтышкан экен:

Осмон апыз:

- Аличордо суук катуу болот

- Торпогуңарга боркок кийгизип койгула

- Буйдамга келбей боркогуң

- Буйугуп олду торпогун...десе

Ошол жылдары Ыраң-Көлдө Чалмурза деген киши буйугуп өлгөн экен.

Ошону Борубек апыз:

- Айта албадың чоркогум

- Өлбөдү менин торпогум

- Ыраак эмес жуукта

- Ыраң-Көлдөгү суукта

- Өйдө төмөн күйүгүп

- Чалмурзаң өлгөн буйугуп... деп Осмон апызды женген экен.

==========================

Аличордун Акбалык деген жеринде Эшанкул миң башынын аты озгондо Бөрүбек апыз мынтип ырдаган экен:

Тоошум менен үнүм кор

Саип дөөлөт миң башы

Тоокторуңдун күнүн көр

Алым менен күчүм кор

Артык дөөлөт миң башы

Ахматбектин күчүн көр

Алакандай Булункөл

Абат кылган миң башы

Шапалактай Булункөл

Шаар кылган миң башы

Мыйман келсе хош деген

Мыйманхана бош деген

Мыйман кылам түш деген

Кошуун келсе хош деген

Кошуун хана бош деген

Саип дөөлат миң башы

Бу атың кара баир казан ат

Калдыр өпкө жез канат

Мунун жөтөлөрү жонгодой

Жонун сылап койгондой

Кадыр агем баккандай

Кулактарын карасаң

Кайчыдан түшкөн өөндөй

Туяктары аяктай

Бул жанибар казанат

Миң башыга жарашкан

 

Ак суу дайрам

Бийиктиктен төмөн карай агылган

Ак суу дайрам сени көптөр сагынган

Ошолордун арасында менда бар

Сагынычтар жан дүйнөгө жашынган

Кусалыктар жүрөктөргө катылган


Ак суу дайрам турсам сенин жээгинде

Буурул чачым желге бир аз серпилип

Кубанчы кайгым айтып жатсам өзүнө

А сен аксан тыңшагансып телмирип

Ак суу дайрам шарпылдабай жай акчы


Дагы бир аз турайынчы жээгинде

Сагынычтар кусалыктар менде көп

Сен да бизди сагынганга окшойсун

Жээгинде ак көбүктөр көрунбөйт


Эки дүйнөдө

Бул өмүрдө канча жолдор бассак да

Кыйын болуп тоо томкоруп казсак да

Адашуу бар пенде экенбиз аттиң ай

Оюбузда түптүз кетип жатсак да


Орой сүйлөп капа кылып бирөөнү

Же байкабай учурашбай калабыз

Кыйынсынып бой көтөрүп тоготпой

Теңсинбестен нары карап басабыз


Пенде экенбиз бизден кетет кемчилик

Сыйлабайбыз бирибизди бирибиз

Мезгил өтөт аттиң дейбиз ошондо

Тиги дүйнөдө койоор бекен кечирип


Жаңылбаган жаак жоктур жашоодо

Мүдүрүлбөс туяк болбос өмүрдө

Баардыгыңдан башым ийип суранам

Эгер менден кетип калса кемчилик


Кечиргиле мени эки дүйнөдө

Кечиргиле мени эки дүйнөдө

Мен сүйүүмүн

Сен күлгөндө жүзүңдөгү жылдызмын

Ачуулансаң качып кетем ыраактап

Уктап жатсаң баш жагыңда олтурам

Түшүндө мен гүл сунамын кучактап

 

Кээде алыстап кээде жакын келемин

Жан дүйнөндө жашап жүрө беремин

Коркпо бирок арбак эмес тирүүмүн

Көрүнбөсмүн сага келген сүйүүмүн

 

Ыйлап жатсаң көзүңдөгү жаш болом

Көз үстүндө жарашыктуу каш болом

Чочулаба бирок арбак эмесмин

Аппак аруу сүйүү деген мен болом

 

Карыбасмын дайым жашым он сегиз

Адамзатка төрөлгөнмүн мен эгиз

Жан дүйнөңдө от жагамын кааласаң

Мен жашоомун мен сүйүүмүн бааласаң

 

Сүрөт

Сүрөт сүрөт токтоп калган бир мүнөт

Бир мүнөттө жашады экен не тилек

Тиктеп туруп ушул эски сүрөттү

Жаштык кайра келбестиги сезилет

 

Сүрөт сүрөт токтоп калган бир мүнөт

Бир мүнөттө жашады экен не тилек

Өмүр бизден кош айтышып кетсе да

Эл журтубуз эмгек кылсак эскерет

 

Сүрөт сүрөт токтоп калган бир мүнөт

Бир мүнөттө жашады экен не тилек

Кетериң чын келген соң бул дүйнөдө

Жаштык өтөөр жалын өчөт билинбейт

 

Өскөнбай Бердибаев

Сары-Могол айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.