"Жез тырмак"

"Жез тырмак"

Сары-Кол жомокторунан

I

 

Бир мезгилдерде өзүнө ишенген жаш мерген Саке ошол капчыгайды өрдөп ууга чыгат. Уунун кызыгынан кеч калып, түнөөгө аргасыз болот. Атын таң ашыра байлап коюп, отту чоң жагып, кайберен этинен шишкебек бышырып жеп отурса, бир маалда аты тыбырчылап, тайганы кыңшылап бут алдына сойлоп кирет. Жүрөгү бир жамандыкты сезген мерген мылтыгын октоп даярдап, туш-тушун аярлап караса эч нерсе көрүнбөйт, дабыш деле угулбайт. Анын үстүнө оттун жанында олтурган адамга караңгыда эч нерсе көрүнбөйт эмеспи. Ошентип отту алоолонто жагат да, эттен кесип жеп олтура берет. Көп өтпөй оттун жарыгында энтеңдеген киши сыяктуу сөлөкөт пайда болот да, ал дабыш билгизбей басып келип оттон алысыраак жерге адамча чөк түшүп отура калат. Үн-сөзү жок. Бир колу менен мурдун калкалап алган. Кебетеси адамга окшош, бирок жүнү сапсайган неме экен. Мерген же үн чыгарарын, же атып жиберерин билбей бир топко карап отурат.

 

Акыры эмнеси болсо да Кудайдан көрдүм же өлдүм деп отто чала бышкан эттен бирчоң кесимди бычактын учуна сайып тигинин алдына ыргытат. Ал бир колу менен шып ала коюп оозуна салгандай болду. Дагы бир кесим ыргытты эле, аны да лып илди. Ошентип тиктешип отура беришти. Кимибиз биринчи кол салаар экенбиз деп эки көзү тигинин кыймылында. Ал да көзүн албайт. Таң сүрө ал акырын артка кетенчиктеп жыла баштады да, шып туруп чуркап кетти."Таң атканын коркконумдан байкабапмын" - дейт мерген.

 

Эртеси жарыкта бул желмогузбу, жин-шайтанбы деп тигинин түндө отурган жерин карасам, ыргыткан эки кесим эт жатат, жебептир. Атты отко коюп, уктап калып, кайра ууга чыктым. Мергенчиликтин кызуусу менен, күндүн батканын аңдабай калып, кечинде баягы үңкүргө келдим. Отунду тоодой үйүп, от жактым. Атты отко коюп, итти байлап, өзүм жатчу жерге чириген дүмүрдү киши сыяктуу узата жаткырып, тумагымды кийгизип, көрпөчөмдү үстүнө жаап койдум да, өзүм үстүңкү таштын жараңкасынан орун жасап, дөңгөчтү кароолго алып отурдум.

 

Түн ортосунда атым кошкуруп, итим кыңшылай баштаганда даяр турдум. Оттун жарыгында баягы сөлөкөт аяр жылып келе жатат. Бир маалда катуу чыңырган бойдон келип дөңгөчтү басып жыгылды. Мылтыктын машасын кандай басканымды билбейм. Эсимди жыйсам таң атыптыр. Атым титиреп турат, итим жок. Ордуман калтырап түшүп келдим. Дөңгөчтүн үстүндө баягы жүндүү сөлөкөт кыймылсыз жатат. Союл менен оолактан туруп оодарсам жүндүү, эки көзү бар, тумшугу түлкүнүкүндөй уятуу, колу-буту кишиникине окшош, тырмактары жез экен. Тырмактарын, тумшугун кесип алып, өлүгүн ошол жерге таштап, айылга келип түлөө өткөрдүк. Эртеси ошол укмушту көргөнү бир топ адамдар менен барсак, үңкүрдүн жанында дөңгөчтөн башка эч нерсе жок. Бир топ издер калыптыр. Аксакалдар "жез тумшуктун" дагы тукумдары бар, өлүктү ошолор алып кетишкен тура, эми ал жакка барбагыла, өч алат

 

Адон Эгемкулов

 

II

 

Бул окуя илгери эл көп жашаган бир айылда болгон экен. Бир күнү бул айылдагы эркектердин бардыгы Кашкарга аштык алып келүү үчүн кетишет. Айылда калышкан аялдар эртелеп топоздорун саашып, торпокторун агытып айдашып, андан кийин келишип бир кемпирдин үйүнө кийиз жасаганга топтолушат.

 

Кээ бирлери сыртта жүн сабап олтурушса, кээ бирлери үйдүн ичинде чай ичип олтурушат. Алардын арасына тааныш эмес бир жаш келин келип калат. Ал келин мурдун жеңи менен тосуп алып, оттун жанына келип олтурат экен. Чай ичкенге чакырышса, унчукпастан кайра эшикке чыгып кетет. Аны байкап калган кемпир аялдарга, "бул жез тумшук экен"- деп айтат.

 

Ошондон кийин баягы үйдүн ээси кемпир айылдагы аялдарга кайрылып: Бүгүн баарьңар топоздоруңарды эртерээк саап, жайлаштыргандан кийин менин үйүме келип жаткыла, бүгүн жез тырмак келет жалгыз калсаңар жеп кетпесин"-дейт.

 

Кечке маал аялдар балдарын ээрчитип, малдарын жайгаштырып баягы кемпирдин үйүнө келип чогулушат. Кемпир аялдар менен чогуу оттон улуу жагып казанга майды кайнатып уктабастан олтурушат. Түн ортосунда жез тумшук эшиктен кирет, кирген маалда кемпир кайнаган майдан жыгач чемуч менен сусуп башына чачып жиберет. Май чачылганда жез тумшук абдан катуу бакырып жиберет, анын жагымсыз катуу айкырганы бул ааламда жок экен. Жез тырмак ошол жерде жыгылып өлөт.

 

Айылдагы аялдардан бирөө ошол күнү бала чакасы менен баягы кемпирдин үйүне келбей калган болот. Ал аял балдары менен жез тырмактын айкырыгынан жүрөгү чыгып өлүп бардыгы жан беришкен экен.

 

Кемпир, аялдар менен жез тырмактын өлүгүн кийизге ороп суу жиреп кеткен жардын алдына алып барып көөмп коюшат. Кийин күйөөлөрү Кашкардан аштыктан келгенден болгон окуяны айтып жез тырмактын өлүгүн көрсөтүшөт. Чындыгында жез тырмактын колунун, бутунун манжаларындагы тырмактары, тумшугу алтын болгондуктан айылдагылар аны кесип алып ошондон ^ийин бардыгы байып кетишкен экен.

 

"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ"

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены