Кемпирдин каргышы

Кемпирдин каргышы

АҢГЕМЕ

 

— Ало ana, кандайсыз?.. Мен, мен угулуп жатабы үнүм?

 

— Ооба кызым, кудум жанымда отургандай тунук угулуп жатат. Кандайсың чырагым, качан келесиң аябай сүйүнүп кетпедимби үнүндү угуп.

 

— Апа, сизди аябай сагындым, бүгүн тушумө дагы кирипсиз, эсиңиздеби, бүгүн кандай күн экенин?

 

— Ооба айланайын, жан оронбай кызым, кантип унутайын. Атаң экөөбүз баш кошкон күн да, кызым түшүндү мага эмес сууга айткын! Тогуз токоч бышырып, түшүңду жакшылыкка жоруп, арбактарга куран багыштагын.

 

— Апа, мага бүгүн бала кездеги күндөрүм түшүмө кириптир. Ойгонуп кетсем өпкөм көөп, ыйлап жатыптырмын.

 

— Айланайын жан кызым, силердин бала чагыңар күнү бүгүнкүдөй менин эсимде. Ал кезде СССР ыдырап, сөгүлүп жалпы журтка кыйынчылык түшүп, тамак-аш тартыш болуп, талон менен бериле баштаган болчу. Биз деле эл арасында бирде өйдө, бирде ылдый болуп, эл көргөндү көрүп келаттык.

 

Мен он сегиз жашка жаңы толгон кезим болчу. Атаңдын узун бойлуу, ак жуумал, токтоо жигит экенин жактырып, тааныштым. Мени тез эле ыйык сезим арбап, алгачкы таза сүйүү жан дүйнөмдү багындырып, ээлеп алды. Апамдын каршы болгонуна да карабай, биз экөөбүз баш кошуп, өзүнчө үй-бүлө болуп, түтүн булата баштадык. Эл сыяктуу биз дагы турмуштун кемесинде бирде оң, бирде сол жээкке тебилип келаттык. Арадан айлар өтүп, жылга айланып, ар кандай күндөрдү башыбыздан кечире баштадык. Жокчулук жалпы элдин шайын кетирип, далай үй-бүлөнү ажыратып, далайын арактын түбүнө чөктүрүп, тозутуп жок кылды. Бир кой бир бөтөлкө аракка тең болуп, элдин калың катмары жакырчылыктын сазына бата баштаган. Бизде деле ойдогудай жай турмуш болгон жок. Атаң экөөбүздү кубандырган жарык шоола, силердин бул дүйнөгө келишиңер болчу. Бирок жокчулук өз ордун ээлеп, үй-бүлөнү чыр-чатак аралай баштады. Сен төрөлгөндө биздин кубанычыбызда чек жок эле, атаң жарыктык киши сени кайра-кайра көтөрүп, менин кызым деп кубанганы көз алдымда. Биздин алдыбызга койгон далай жакшы максаттарыбыз бар болчу. Силердин жогорку окуу жайында окуганыңарды, билимдүү болуп бир чоң иш канада иштегендериңерди биз элестетип, далай кыялданчубуз. Турмуш деген турмуш экен, кызым. Аттиң...айла жок болду, биздин бактылуу жашоону көрө албай, атаңды ажал биздин арабыздан жалмап кетти. Кара жер тойбойт экен, жаш-карысына карабай шум ажал ала берет турбайбы!

 

Жыйырма үч жашка толгон кезим болчу, көзүмдүн жашын он талаа кылып, кара жер кучактап ыйлап, кала бердим. Кандай оор кез болду, сары ооз балапандай үчөөң үч жерде чыркырап, мага жардам берер киши болгон жок. Жарыктык апам дагы о дүйнөгө сапар салган болчу. Сен кичинекей беш ай кезиң, эжекең беш жашта, Айсулуу эки жарым жашта эле. Жаңы журтта оокат-аш тартыш болуп, мен үйдө отурсам, жегенге бир сындырым нан жок, иштейин десем силерди караганга киши жок болуп айлам кетти. Сыртка чыгып жаш баладай өңгурөп ыйлайм, кайра үйгө кирип, силерди сооротом. Силердин "апа нан” дегениңерди угуп, сай-сөөгүм сыздап ичимден төгүлөм. Эх, турмуш кандай гана азаптарды көргөзбөдү мага, кызым!

 

Ошентип, убакыт учкан куштай өтө берди, мен мектепке ишке кирдим. Сен бир жаштан өтүп, жаңы басып калган элең, таң сүрө баштаганда мектепти жууп, тазалаганга кетип, кайра жүрөгүм алап-желеп болуп, үйгө шаша чуркап келем. Мен үйгө жеткенде үчөөң жем сураган балапандай терезеден мени күтүп турганыңарды көрүп, бир чети аман-соо экениңерге жүрөгүмдү басып кубансам, бир чети бергенге ашым жок сай-сөөгүм сыздап, арданып көзүмдөн буурчактап жаш төгүлөт. Үнүм кудайга жетсе дейм!

 

Кыздарың баладай болуп сыртка чыгып ойношпойт, терезеге кадап койгон казыктай тизилип, сенин келишиңди күтүшөт. Ордунан тургандан баштап, терезедеги гүлдөрдү жерге алып коюп, ошол жерден жылбай сени күтүп, карааның көрүнгөндө гүлдөрдү кайра тизип коюп, апалап сени көздөй чуркап чыгышат деп коңшу аял далай айтып таң калчу.

 

Ошентип жашоо күндөн күнгө оор боло берди. Мектепте айлык акынын ордуна курттаган ун, ичимдикке арак бере баштады. Бирине тартсам бирине жетпейт, жашаган үйдүн ижарасын төлөй албай шайым кетти.

 

«Өз өлтүрбөйт, жат жарытбайт» деп өз төркүнүмө көчүп кетүүнү чечтим. Кечинде тогуз токоч "баабедин" жасап, атаңардын арбагы ыраазы болсун деп, куран багыштап, эртеси өз төркүнүмө үчөөңдү жетелеп, бет алдым.

 

"Атадан алтоо болсо жан жалгыз” деген сынары үч кызым менен бир тууган агамдын үйүнө барып, отун жыйчу кепесине кирип баш калкаладым. "Агаңа барсаң жеңең. эжеңе барсаң жездең жат" дегендей очор-бачар болуп үч балам менен батышып кете албадым. Жепирейген жер тамда казан-аяктын арасында бир жапыс сөөрүгө жайгашып, күн кечире баштадык. Отун менен кирип, күлү менен чыгып, жеңеме кызмат кылдым. Силер жер кепеден башбаксаңар, акемдин кыздары «тигине, жетимдер дагы чыгышты, башыбызга бүткөн балээ болду, биздин үйдөн кеткиле», —деп жеңеме даттанышып, силерге күн кечирбес болду. Ичкеним ирим, жегеним желим болуп, ичимдеги арманымды бир өзүм, бир кудай билчү болду. Далай сыздап уктабай, эмне үчүн, кайсы күнөөм үчүн? — деп кудайга наалып, таңды аттырчумун. Айла канча, таң атып, күн чыгат, күн батып жымыраган жылдыздар менен ай чыгып, түн кирет. Турмуш такыр өзгөрбөй, коёндой окшош кайталанган күндөр күндөн-күнгө оор боло берди. Тоё жеген тамак-аш турсун, арпа менен жүгөрү аралашып тартылган загара нан тартыш боло баштады. Ушуга да шүгүр келтирип жүрдүм. Акем бир азга бизге унчукпай, анан силерге катуу сөздөр менен катылып, урушчу болду. Өкмөттөн силерге жетимдер үчүн деп чегилип берген пособиясы дагы жеңемдин чөнтөгүнөн чыкпай калды. Ошентсе дагы жеңемдин каш-кабагы ачылбай, жетимдериң тойбоду деп тили менен кууруй баштады.

 

Биз күткөн кожоготтын маалы болгон жай да келди. Силерди кудайга тапшырып, тоого барып, кожогат терип, акчасын агам менен жеңеме алып келип бере баштадым. Азыр ошол күндөрдү эстесем сай-сөөгүм сыздап, жүрөгүм ооруйт кызым...

 

Бирок агам менен жеңемди кечирдим, ал кездеги жокчулук көп үй-бүлөнүн, бир туугандардын ыркын кетирип, жок кылды. Жокчулуктун айынан ушинтип бир туугандар урушуп, көңүл оорутуштук. Байкуш акем кийин Россияга кетип, бүгүнкү күнгө чейин дайыны жок болду. Кайда болсо дагы аман болсунчу деп, кудайдан тилейм. Такыр эле жүрөгүмдөн чыгарып, унута албаган бир нерсе базарга деп жыйналган алмадан сурабай бир даанасын алып жегенин үчүн сени акем аябай оозу-мурдуңду кан жалатып уруп, башы-көзүндү көгөртүп катуу сабаганы болду. Сени көрүп каңырыгым түтөп, атаңдын өлгөнү менен, таянар тоом урап, жөлөнөр жөлөгүм жок болгону жаныма батып билинди. Сен байкуш бүрүшүп, көзүң ачылбай шишип, эми апам дагы урушат деп бурчта менин эски чапанымды жамынып, коркуп отурупсун. Чапанды ачсам эле колу-башыңды калтырак басып калчылдап кирдиң. Олдо кызым ай... бир алма үчүнбү?- деп сени боорума кысып алып, аябай ыйладым. Сен деле эмне болуп кеткенине түшүнбөй, коркуп ыйладың.

 

Ошол күнү үчөөңдү жетелеп алып, улуу таажеңемдин үйүнө ботодой боздоп ыйлап бардым. Тайкемдин көзү өткөндөн бери таажеңем жалгыз жашачу. Кайран таажеңем мени сооротуп, «жашсың мындай жүрбөй күйөөгө чыккын, турмушуң уланып кетет, балдарың кичине кезинде билинбей очор-бачар болуп сиңип кетесиңер» деп акылын айтты.

 

Билбейм кызым, аргасыз болдумбу, айтор таажеңем таап таныштырган бир шүмшүккө күйөөгө чыктым. Жүрөгүм кансырап үчөөң үч жакка бөлүндүңөр. Эжеңди атаңдын туугандарына. Айсулууну таажеңеме таштап, сени жетелеп бир аракечти ээрчип барып отуруп калдым.

 

— Эх кызым...!

 

— Ооба апа, ыйлабачы. Ал күндөр күнү бүгүнкүдөй менин деле эсимде турат. Сиздин бактыңызга барган жерден деле жыргал жашоо болгон жок. Ичкени арак, күндө уруш-талаш, ызы-чуу. Сизди тепкилеп жатып өлтүрүп коёбу деп да мен коркчумун.

 

Ошентсе деле силер отурган бөлмөгө мен кирип, отура алчу эмесмин. Кичинекей муздак бөлмөсүндө сиздин кышкы пальтоңузга оронуп, бир бурчта коркуп отурчумун. Кээде анын апасы кемпир киргенде көзүмдү жумуп, уктамыш болуп калчумун. Ал аракка тоюп келген кезде, коркконумдан денелерим калчылдап-титиреп, үнүмдү чыгаралбай ыйлачумун. Бир жолу сизге болушуп, ыйлап чуркап барсам, бутундагы өтүгү менен тепти эле, үч күн өпкөм куушурулуп, дем алалбай жүрдүм. Мага ошол күндөн баштап таңдын атып, күндүн батышына чейин тозок күндөр өтө баштады. Кыш мезгилинде сиз жокто мени кемпир үйдөгү жеңил кийимчен эшикке кардын үстүнө тургузуп койчу. Баласы мени жек көрүп, дагы бир аз турсаң, анан ооруп өлөсүң дечү. Үшүсөң, шаты менен тамдын үстүнө чык, кайра түшсөңжылыйсың деп, шаты менен өйдө-ылдый бастырчу. Мен коркконумдан учуп кетемби деп колумдун үшүгөнүнө карабай калчылдап, шаты менен ары чыксам эми түш, түшсөм кайра чык деп азаптарга салчу.

 

Бир күнү дагы арак ичип келип, үйдө ызы-чуу салып, апасына кол көтөрүп, идиш-аякты сындыра баштаганда, мен качып үйдөн чыктым. Канча жол басканымды билбейм, чоң кара май жол жакка бет алып бараттым. Сайдан көтөрүлүп чыга бергенде так бет алдымда бир учу жерге тийип, топтоголок болуп толгон ай куюлган сымаптай көлкүлдөп туруптур. Утуру жакындаган сайын чачырап агып турган күмүштөй ак шооласы мени арбап, байлап жаткандай сезилди. Эмне оюма келгенинин билбейм, экөөбүз тиктешип нес болуп туруп калдык. Ай кандайдыр энелик мээримин мага төккөнсүп, улам жакындай берди. Колумду сунсам эле айга колум тийчүдөй болуп, бир кадам шилтесем айга кирип кетчүдөй туруп калдым. Жан дүйнөм ырахатка батып, жүрөгүмдөгү коркуу сезим жоголуп, заматта бир башка ааламга киргендей боло түштүм.

"Апам экөөбүз кушка айланып бактылуу жакка учуп кетсек" деген бактылуу жер ушул Айда экенин жан-дүйнөм менен сездим.

 

Санаам сайга бөлүнүп, мен Айга апамды таштап кирип кетсем, апам мени издеп сарсанаа болобу же тиги менен урушса, бычак сайып өлтүрүп коёбу деп жан дүйнөм экиге бөлүндү. Аңгыча айылдан иттин үргөнү угулуп, заматта Ай жерден так үзүлүп, асманга көтөрүлүп чыгып кетти. Жан-дүйнөм ырахаттанып, Айды эрчий бастым. Ал мага жол көргөзгөнсүп, ээрчишип бараттык. Түн бир оокум болуп калган экен, бир кезде жалгыз жашаган кемпирдин үйүнө келип такалдым. Каалгасын калдыратсам, кемпир чыгып эшикти ачты. Мен айтаарга сөз таппай ыйлап жибердим. Мен жөнүндө барын билчүдөй болуп, үн катпай колумдан жетелеп үйгө кирди. Термостогу ысык чайын берип, курсагымды тойгузуп, «кел кызым, бул жерге жата кой» деп аппак шейшеп салынган төшөккө жаткырды. Мен ушул кемпирдин кызы болуп эле төрөлүп калсам кандай жыргал болмок, же таяэнем болсочу, апам экөөбүз ушул үйдө жашайт элек деп кыялданып жатып уктап кетипмин. Эртең менен каалганын тарсылдатып кагылганын угуп, чочуп ойгонуп кеттим. «Коркпо периштем, сени издеп келишти», —деп кемпир үн катты.

 

— Рапия эже, —деген тааныш үн чыкканда үстүмдөн кайнак суу куйгандай болуп, денем чыйрыла түштү. Кишини жырткычтай жыт алып, из кууганын ошондо көрдүм, сыртта мени күтүп туруптур. Үйгө келгенде качканым үчүн аябай тепки жедим. Ошол кезде сиз экөөбүз кушка айланып, Айга учуп кетсекчи деп аябай кудайга жалындым.

 

Үстүмдөгү кийимдерди чечип алып, дагы шатыга чыгарып түшүрө баштады. Шатыдан түшүп келатсам буту менен тепти эле, шатыдан ылдый колум менен жер таяна кулап түштүм. Заматта колум шишип чыкты, эки жагына шак-шак коюп танып койду. Сиз келгенче бөлмөнүн бурчунан жылбай, кичине кара нанды кемирип отурдум. Сиз келгенде эркиндикке чыккансып, сизди кучактап, аябай өңгүрөп ыйладым. Экөөбүз сыртка чыгып алып, кучакташып бир топко ыйлап турдук. Аракка тойгон неме, сен кызыңа болушасың деп сизди ур-токмокко ала баштады. Ошондо сиз чечкиндүү кадамга барып, эми мен сени менен жашай албайм деп таң эртең менен мени жетелеп таажеңемдин үйүн көздөй бет алдык.

 

Менин бактылуулугумдун чеги жок эле, ээрчишип тайкемдин үйүнө бараттык. Сиз кыйыла албай аркаңызды улам кылчайып карап коёсуз, а мен бизди кууп келчүдөй болуп шашып басып бараттым. Бир топ басып чоң кара май жолго чыктык, тайкемдин үйүнө дагы канча жол экенин билбейм. Курсак ачты. Ачка калсам дагы талаада жашасак дагы ал үйдү экинчи көргүм жок эле.

 

Жолдогу жолоочулардын тамак ичкен ашканасына келип, кызыма бир сындырым нан бергилечи деп сурадыңыз. Өмүрүмдө биринчи жолу жакшы адамдар бар экенин ошондо көрдүм, бир апа мага бир бүтүн катып калган ак нан берди. Мен ак нанды биринчи жолу ошондо көрдүм. Эсиңиздеби апа, экөөбүз аябай сүйүнүп, катып калган нанды агып жаткан муздак сууга малып жегенибиз? Даамы күнү бүгүнгө чейин оозумда турат.

 

— Ооба кызым, баары эсимде. Мен силерди бир топ эле азапка салдым. Ал кезде жаш экенмин, заман дагы оор болчу.

 

— Жок, жок алтын апакем, сиз бизди кыйынчылыктарга карабай өстүрүп, чечкиндүү кадамдарга барганыңыз үчүн мен аябай сыймыктанам. Сизди аябай сагындым. Билбeйм, эмнегедир бүгүн балалык кезимди эстегим келип, өзүнчө эле сөз ушул нукка бурулуп кетти...

 

— Апа, андан көрө айтыңызчы атам сизди кантип эркелетчү эле, атам жөнүндө такыр эле сөз кылбайсыз?

 

— Койчу кызым, ал кезди эстегим дагы келбейт. Жүрөгүмдүн жарааты эми гана тыртык болуп бүгө баштады. Атаңды эстесем, жүрөгүм ооруйт.

 

— Кызым, сен мени менен бирге жүрүп эжелериңе караганда көп азап чектиң.

 

— Ооба ana, кээде балалыгымды эстеп отуруп калсам, бир эки саат ордумдан жылбай кино көргөндөй болуп, ичине сүңгүп кирип кетемин. Үйгө келген кишини дагы байкабай, ойлонуп калам. Көргөн күнүм оор болгонуна ичимден эзилип, аябай ызаланам. Курдаштарым алтын балалыгым деп классташтары менен окуучулук күндөрүн тамшануу менен эстегенде, мен башымдан өткөн оор күндөрдү айтсамбы, же мени туура эмес түшүнүп шылдыңдап күлүшөбү деп унчукпай ичимде сыр сактап калам. Элге окшоп орто мектепти дагы бүтпөй калганыма аябай өкүнүп жүрдүм. Айылдан айылга, батирден батирга көчүп жүрүп, туугандардын кирин жууп, баласын багып, күн кечирип иштей баштадым го? Алар же жыргатып акча төлөшпөйт, берген анча-мынча тыйынын силерге жиберсем сүйүнүп калчумун.

 

Он үч жашымдан жеңемдин ашканасында жалданып идиш-аягын жууп, сайдан чакалап суу ташып иштеп жүрдүм. Жеңем аз келгенсип кыздары дагы мени малайдай эле башкарып, жумшай башташты. Үй жыйнап, кир жууш жана башка үйдүн түйшүгүн дагы мага артып коюшту. Менин ашканага байланган үмүтүм чоңойгондо топтолгон акчага үй алам деген кыялым эле.

 

Он беш жашка толгон кезим. Бир күнү жеңем өзүнчө эле аш канада жумуш бүтө элек кезде сен бүгүн үйгө апаиа барып келгин деп үйгө жиберди. Жүрөгүм бир жамандыкты сезгенсип, таң калдым. Кантип эле үйгө жиберип калды же апам ооруп калганбы деген ой кетти. Кайра үйгө барам деген ой мени бир чети кубандырып кетти. Үйгө келсем баары жайбаракат экен. Сиз дагы сүйүнүп тосуп алдыңыз. Ошол күнү бир жыргап уктайын деп эрте эле тамак ичип, жатып алган болчумун, эсиииздеби?

 

— Ооба кызым, биз дагы сени аяп, светти өчүрүп тынч эс алсын деп отурган элек. Аңгыча машиналардын жарыгы келип, эркек-аял жана бир топ жаш балдар чаап алчудай болуп, короого кирип келишти.

 

— Айланайын тынчылыкпы, кимсиңер деп сыртка чыктым.

 

— Биз кызыңардын колун сурап келдик деп аракка тойгон немелер бакылдап, шакылдай башташты.

 

— Айланайындар, кыздын колун күндүз сурап келишет. Чаап алчудай силер түндө келгениңер кандай?-деп калдым.

 

Балдар машинадан арак-шарап, дасторконун түшүрө башташты. Жаш балдар сыртта калышып, калгандары ой-боюма койбой мени жетелеп үйгө киришти. Тасмалын жайып, алып келген арак-шараптарын коюшуп, аракка кызып калган кара тору, узун бойлуу киши төш чөнтөгүнөн акча алып чыгып, менин алдыма коюп, шилекейин чачырата:

 

— Эми жагдай ушундай. Бизде акемдин жалгыз уулу бар, тоодо мал багышат. Акемдин көзү өтүп, кыркы али чыга элек. Жамандыктын артын жакшылык бассын деп, жалгыз уулун үйлөндүрүш үчүн силерге келдик деп сөз баштады.

 

Аңгыча жанында жер жаңгактай бөлтөк-бөлтөк болуп бөлүнгөн семиз аял "кызыңар оокат-ашка тын экен, кыскасы, силерде гүл бар, бизде аары бар, гүлүңөрдү биздин үйгө тигип коёлу” —деп шакылдап сөзүн улантты. Эми эже, ушуларды сизге алып келдик, кызыңарды бизге азыр эле кошуп бергиле, алып кетели деди.

 

— Уулуңар кызым менен сүйлөшкөнбү десем эле, сен аркы бөлмөдөн чыгып келип, айгай сала баштадың.

 

Кара тору киши "ту ата" деп кагынып-силкинип ордунан турду. Жанакы жер жаңгактай бөлүнгөн семиз аял сырттагы балдарга кайрылып:

 

-Уй, балдар! Булар адамкерчиликти билишпейт экен, кирип кызды алып чыккыла да, машинага салгыла деп буйрук берди.

 

Аракка тойгон, букадай мойну жоон балдар бизди адамсыңбы, итсиңби дебей жөөлөп үйгө киришти. Бирөөсү менин колумдан кармаганда жаным көзүмө көрүнүп, коркконумдан үнүм чыкпай буулуп калды. Төрт бала сенин колу-бутуңдан алып, чыркыратып барып машинеге салышты. Артыңдан чуркап барып машинага мен да жеттим. Жанагы жер жаңгактай бөлөк-салак болгон семиз аял мени көкүрөктөн ары түрттү эле, чалкамдан барып жерге куладым. Жер айланып көчүп, эч нерсе көзүмө көрүнбөй калды. Жер чапчып, кыйкырып ыйлаган бойдон кала бердим, кызым.

 

Колунда жок, акчага оозун басат дегенсип, адам катары көрүшпөй кордогонуна аябай ызаланып, жарылып ыйладым. Таянар тоом урап, атаңдан ажырап "тул катын" деген сөздүн маанисин ошондо жон теримден сездим. Өз перзентимди өзүм коргой албай, жырткычтарга талатып, сени алдырып койгонума ичим куйуп "Ээ жараткан, сенин көзүң сокур! Мага окшогон алсыздарды кордотуп кантип карап турасың!- деп наалыдым.

 

Сени салган машина заматта көздөн кайым болуп, айылдан чыгып, жарыгы көрүнбөй калды.

 

Апа, ал кезде мен кыйкырып, машинадан чыгуунун аракетинде болдум. Бирок аракка тойгон мас акмактар каткырышып "кыз кылыгын кылып жатат, бир түнөгөндөн кийин эле жоргодой болуп кызмат кылып көнүп кетесиң. Баары эле ушинтип келишкен” деп бири айтса, экинчиси көнгөндөн кийин алтыным, жаным деп каласың" деп бакылдап баратышты. Мен улам колумду бошотуунун аракетинде болуп, оозум кургап, шайым ооп, сүйлөй албай калдым.

 

Үйгө жеткенде карасам, сөөк койгон боз үйү али чечиле элек экен. Тоокту көтөргөнсүп, колу-бутумду бүктөп, үйгө көтөрүп киришти. Бетинен май тамган мас жеңелер "Уй кыз, эмне эле болосуң? Баарыбыз эле ушинтип келгенбиз" деп ар кимиси ар жактан аарыдай ызылдап жатышты. Улам башыма салган жоолугун алып салсам, кайра башка бирөөсү башыма жоолукту салат. Баары чарчашты, ооздорунан буруксуган арактын жытына көнүлүм айланып, аябай башым ооруп, менин да шайым кетти.

 

Жанагы башында биздин үйгө барган жер жаңгактай бөлөк-салак болгон аял келип "Болду оозуңду басып шүк отур! Өпкөндү үзүп коём!” деп бир-эки нукуп чыкты. Андан бетер ызаланып өңгүрөп ыйлап, тополоң сала баштадым. Бирөөсү балдарга бир нерсе деп шыбырап койгонбу, аңгыча сырттан аракка чыланган бир бала кирип келип, не болуп атасың элди сыйлабай, азыр балдар менен сыртка алып чыгып шерменденди чыгарып койбойлу деп жаак талаштыра бетке чапты эле, көзүмдөн от чагылып, кулагым тунжурап, ооздору кыбыраган эле элестери көрүнүп, эч нерсе угулбай калды. Бирөөсү бетиме муздак суу чачканда, энтигип өзүмө келе түштүм. Келе кой кызым, суудан ичкин деп бирөөсү башымды көтөрүп суу ууртатты. Жакшылап эсимди жыйсам, жерде жатыпмын. Жанагы зөөкүр мени чапканда жерге кулап түшүп, бир азга эстен тана түшкөн экенмин.

 

Болду эми, атың ким, кызым? Баарын сенин жеңең менен сүйлөшүп бүтүргөнбүз. Жаман жерге түшкөн жоксуң, жалгыз бала, майлуу-сүтгүү жер, колунда бар үй-бүлө. Апаңа дагы чоң акча беришиптир. Кызым, элди убара кылбагың, сөөктү жерге жашырганыбызга аз эле күн болду деп бир кемпир жакшы сөз сүйлөй баштады.

 

Апа, апа, апам келсин, өзү айтсын деп жалдырап ыйлап жибердим. Кемпир мени аягансып, кызым болду эми көп ыйлабагын, азыр апаңды бул жерге алдырамын деди.

 

Түн бир оокумда жездем менен сиздин келгениңизди көрүп, кайрадан боздой баштадым.

 

Апам менен жалгыз сүйлөшөм десем кемпир баарын башка бөлмөгө алып чыгып кетти.

 

— Апа, мен бул жерге калбайм!

 

Бала кезден сиздин сызган сызыгыңыздан чыкпай келдим. Эми мени таштап кетсеңиз, мен өз жанымды өзүм кыямын деп кесе айттым.

 

Сиз мени сооротуп, жеңеңдин тааныштары экен, бак бир жерден көгөрөт кызым, ойлонуп көр дегениңизде эле, мени ушул чөөдөй болгон жырткычтарга таштап кетсеңиз ак сүтүңүздү актабайм деген сөз оозума келди. Болбосо мен, бүгүн өз өмүрүмдү кыямын. Бул менин акыркы сөзүм дедим.

 

Айланайындар, кыз отурбаса кыйнабагыла, кудайдан корккула! деп ыйлап, мени жетелеп сыртты көздөй жөнөдүңүз.

 

Таш түшкөн жери оор болот, кызды алып кетсең каргышка калат, кызыңдын келечегин ойлогун! деп колуна нан кармаган кемпир эшиктин оозун тосуп, босогого нанды койду.

 

Мейли, кызым бактысыз болсо болсун, бирок көз жашын көлдөтүп таштап кете албайм деп чечкиндүү басып барып, кемпирди түртүп, босогодогу нанды аттап, мени жетелеп сыртка чыктыңыз. Жанатан мага мээримдүү болуп жаткан кемпир заматта мастен кемпирге айланып, башындагы жоолугун сыйрып салып, чачын жайып, айгай салып каргай-шилей баштады.

 

Ак койдун этин таштап, бизди сыздатып, нанды аттап чыкканың үчүн жакшылык көрбө, оомин! Бактысыз бол, оомин! деп бата көтөрдү.

 

Андан кийинки каргыштары кулагыма угулбай, сырттагы аракка тойгон балдардын оомин! оомин! деген гана сөздөрү кулагыма жаңырып жатты. Биз алардан улам алыстай баштадык.

 

— Ооба кызым, сенин жүрөгүң түшүп, түнү менен ыйлаганыңды көрүn, аябай ызаландым. Бактысы болбосо дагы ыйлабай аман жүрсүн деп сени алып чыгып кеттим.

 

Ошентип, кийин кайра жеңемдин ашканасына ишке барсам, жеңем кагынып-силкинип бактыңа балта чаап, апаң алып кетип калыптыр. Сени эми ким алат, жаман атты болдуң деп жээрий баштады.

 

— Сен бизге келгенде ким элең, эми ким болуп калдын? Апаң экөөң эми адам болуп калдыңарбы? Жакшылыкты билбеген ит экенсиңер! Сен бизде иштегенден бери биздин бизнес артка кетти. Кара жолтой кыз турбайсыңбы? Биздин айылдагы айыл өкмөттүн байкесинин босогосун аттап чыгып кетип бизди жер караттың! деп адырандап, өздөрү алып берген анча-мынча эски кийимдерин үстүмдөн сыйрып алды. Атамдын бир тууганы акем жеңемдин оозун жабыштын ордуна, биздин үйдөн чыгып кеткин деп акыркы сөзүн айтты.

 

Кулагым тунжурап, жарылып ыйлап сыртка чыктым. Ызама чыдабай, мен чындап эле элдин каргышына калган турбаймынбы, андан көрө өлгөнүм жакшы деп сайды көздөй бет алдым. Суу ташкындап, көбүгүн чачыратып, күркүрөп буркан-шаркан түшүп агып турган экен. Так ушул жерде мени менен чогуу иштеген жеңемдин алыс туугандары болгон кыз акча уурдадың деп жеңем ур-токмокко алганда ушул жерге келип боюн сууга таштап, үч күндөн кийин жансыз сөөгү табылган эле. Эми мен күркүрөп, оп тартып тартып турган суунун жээгинде турдум. Канча турганымды билбейм, ыйлап атып көзүмдөн жаш чыкпай калыптыр. "Кызым, сенин келечегин алдыда" деген кандайдыр бир үн кулагыма шак угулду. Эсимди жыйып, ойлогон оюмдан баш тартып, шаарга кетчү чоң кара май жолго бет алдым. Мурда бизде иштеп кеткен эженин дареги боюнча шаарга барууну чечтим. Шаарга келип, эртеси гезиттеги жарыя боюнча жумуш издеп филармонияга келдим.

 

Айтылган дарек боюнча келсем толтура жаштар турушуптур. Мен дагы кезек алып, артында туруп калдым. Менин кезегим келгенде кирип, гезиттеги жарыя боюнча жумуш издеп келгенимди айттым. Кызым, сен адашып кирип калдың, кадрлар бөлүмүнүн бөлмөсү башка жерде, бул жер эки жылдык вокал боюнча курска кабыл алуучу комиссия деди отургандардын бири. Аңгыча жашы бир топко барып калган апа, кызым кайдан келдиң деп суроо таштады. Билбейм, энелик мээримди сагынып калганмынбы же жашоонун азабын көп тарткангабы көзүмдөн буурчактап жаш кетти. Ал-жайымды билген соң, сен Алмаш Чойбекованын айылынан турбайсыңбы, кана ырдаганды билесиңби деп сурады.

 

— Ооба, мен козу багып тоодо жүргөн кезде ырдачумун дедим.

 

— Кана кайсы ырды ырдайсың, ырдап көрчү деп калды.

 

Зал тымтырс боло түштү. Мен Атай Огомбаевдин "Эсимде” деген ырын аткара баштадым. Көзүмдөн чыккан жаш бетимден ылдый ага баштады. Ырдап бүткөндө отургандардын бирөөсү "Браво" деп кол чаба баштады. Калгандары да коштоп кол чабышты. Тоонун таза абасын жутуп, булактын башынан суу ичкен кыз турбайбы деп бирөөсү айтты. Ошентип мени филармониянын алдындагы эки жылдык курска кабыл алышты. Жанагы апа мени менен чогуу жашагын деп үйүнө алып кетти.

 

Кечки мектепти сырттан кошо окуп, андан кийин концерваторияга тапшырып ийигиликтүү аяктадым.

 

Мына эми апа, дүйнө кыдырып Америкадан Японияга чейин Кыргызстандын желегин бийик желбиретип концерт коюп жүрөм!

 

— Кызым, сенин Япониядагы концертиңди интернеттен көрүп башым көккө жете түштү. Айылдагылар кечинде телевизордон кызыңды көрдүк Японияда экен деп чуулдашып телефон чалышты, кээ бири үйгө чейин келип сүйүнчүлөп, куттуктап кетишти. Тентектин ишин Теңирим оңдоптур деген сынары кемпирдин каргышын Теңирим оңдоп алкыш болуптур!

 

Далай чыркыраган жаш кыздар каргыштан коркуп, өз бактысы үчүн күрөшө албай отуруп калышты. Далай ата-энелер салтка такап балдарынын бактысына балта чабышты. Бактысыз жашоо - келечеги жок үй-бүлө. Бакыт - бул жан дүйнөнүн ырахаты, кызым!

 

— Макул апа, эртең Токиодон Ташкентке, Ташкенттен Алматага карай учам. Алматадан небереңиз менен күйөө балаңыз тосуп алышат.

 

— Ак жалгасын кызым, сапарың байсалдуу болсун!

 

P.S.

Токиодогу 1814 орундуу жаңы улуттук опера театрында ырдап бүткөн кезде көрүүчүлөр жалпы ордунан туруп кол чабышты. Дүйнө элдерин таң калдырган кайыптан бүткөн мукамдуу, таза үнү жараткандын берген касиети эле. Накта табигый слуулукту камтыган, өңү жана кийген улуттук кийими түнкү айдын жарыгында кооз nүлдөп, жаңы ачылган "лотос” гүлү сыяктуу өзүнүн нуру менен айлананы жарытып турду. Бул кол чабуулар ийгиликтин туу чокусунда жаралган "авация” эле!

 

Акылбек Атабаев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены