Адамзат - эс алчы !

Адамзат - эс алчы !

Жайлоого тезираак кетким келип жатат ! Шаардын түмөн түйүшүктүү көйгөйлөрү жанга батты ! Иш табыш керек эле, акча табыш керек, бизнес кылыш керек, паланчи Россияга барып, иштеп акча таап иномарка минип келиптир. Түкүнчүнүн базардагы бизнеси жүрүшүп кетип особняк салыптыр. Кой кыскасы, арылбаган санаа, түгөнбөгөн түйүшүк, турмуш сапары !

 

Ал эми жайлоодо болсоң, жаратылыш, табият ырахатына магдырап, кыялданып коюп, кам жууратка жын тоюп мемиреп жатмаксын аттиң !

 

Ойлоп көрсөң, ошол особнягын да, иномаркан да сенден калып төрт чарчы жерге көмүлүп, боз топурак алдында калат экенсин. Андан көрө жайлоодогу жан жыргалы жогорудагы көргөн күнүңдөн көрө алда канча жакшы тура !

 

Адамзат тез карып, тез арыбай кичине болсо да жаратылыш-кубулуштан эс алчы !

 

Жусуп Өмүрбеков

Мургаб - Ош

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

комментарии

Асанбек Пазыл

Четверг, 26 Мая 2016 14:14

Азамат группалаш! Ойлоруң оргуштайт го, тим эле!

Абубакир

Пятница, 20 Мая 2016 17:55

Жусуп акылдуу жигит экенсин,туура таамай айтыпсын,жайлоодой сонун ,жайлоодой керемет кайда бар, балалык кезимде 36 жыл бою жазы менен жайлоого кочор элек Боз Тери ,Чокобай олуя бузурукторуно,тоо ташына ,аккан дарыясына айланайын сары кол жерим .Эртен менен соккон сыдырым жел,тоо гулдорунун ,бозноч,кой шыбак,кийик оту,улар оту,жоогазындын анкыган жыты ,койлор маарап,ат кишинеп,топоз коркулдап моороп жаткан жайлоого кеткин келет ,эч кайсы сагыныч жер сагынычына ,эл сагынычына жетпесе керек.Срочно жазы менен жайлоого баруу керек атин.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены