Абубакир Ажы Душанбеде чоң той берди

Абубакир Ажы Душанбеде чоң той берди

Кечее жакында 31 июль 2016 жылы Таджикистан борбор шаары болгон Душанбе каалассында дагы бир жакшылыктуу салтанатуу той болду.

Бул сапар Душанбе шаарында көптөн бери жашап эмгектенип жаткан жердешибиз Абубакир Ажы дагы бир кыз перзентин тажик жигитине күйөөгө берип, Манас Ата менен Санрабия чоң энебиздин жолун жолдошуп улуу Кыргыз калкы менен улуу Тажик калкын түбөлүкө бириктирип куда соок болуп, Абубакир ажынын ортончу кызы Аделизаны, тажик улутундагы Алишер деген жигитке той кылып берди.

 

Алишер деген тажик улутундагы жигит байыркы Ура Төбө азыркы Истрафшан шаарынан чыккан тажик үй бүлөсүнүн жалгыз уулу экен, кыз бала менен кошо окуп кошо жүрүп экөөнүн ортосунда жаштык илеби, махабат жалыны тутанып акыры баш кошуп эл аралык үй бүлө курушка бел байланышып, ата энелерине билгизишет да бир жыл өтүп, мына салтанатуу түрдө той беришип куда соок болуп калышты.

 

Той салтанаты каада салтка ылайык Душанбе шаарынын "Орион" аттуу чоң ресторанында өтүп , көптөгөн коноктор катышышып чоң салтанатка күбө болушту. Коноктор Кыргызстандын Чоң Алай районунан, Ош шаарынан, Бишкекте турган тууган урук, дос жарлар, Казахстандан келген дос жарлары жана Кыргызстан Мамлектетинин Таджикистандагы ыйгарымду Консулу Эрмек катышып сөз сүйлөшүп, баалуу белек бечкектерин тапшырышты.

 

Баш кошкон эки жашка арзуу тилектер, каалоолор айтылып акыры чоң бата берүү менен аяктады. Айта кете турган сөз тажик мамлектинин мыйзамына ылайык 100 гө жакын адам катышып , 3-4 саатка созулган той салтанаты тез болуп көптөгөн алыстан келген коноктор дагы бир аз улантса болот эле деп калышты окшойт.

 

Сөзгө кошо кете турган нерсе өзүбүздүн жердешибиз Абубакир Ажы 2003 жылы Куляб шаарына Фонд Ага Хан эл аралык ишканасына мененждер болуп дайндалып эки жыл бою Куляб шаарында үзүрлүү эмгектенип, 2005 жылдан бери Душанбеде жашап эмгектенип келет.

 

Душанбеге келгели бери эки уулун тажик улутунан үйлөп мына эми экинчи кызын тажик улутундагы жигитке күйөөго берип отурат. Азыр Абубакир Ажы байбичеси Ырыс эже менен 4 неберелуу болушуп, тажик күйөө балдарды ,тажик келиндерди кызматын көрүп бактап шактап жашап жатышат.

 

Биздин айтарыбыз дагы дагы ушундай эки элди бириктирген эки журтту куда соок кылып жакындарды көбөйткөн үй бүлөдөн көп көп болушуп , эл аралык үй бүлө көбөйүп бактылуу болушсун дейбиз жана тилектешбиз. Баш кошкон эки жашка бакыт таалай, узун өмүр, чын ден соолук, кетпес дөөлөт, кең ырыскы, өнүп өсүп көөп балалуу болуп, бактылуу жашасын демекчибиз.

 

Dushanbe toyi 1 1 Dushanbe toyi 1 8
Dushanbe toyi 1 3 Dushanbe toyi 1 4
Dushanbe toyi 1 5 Dushanbe toyi 1 6
Dushanbe toyi 1 7 Dushanbe toyi 1 9
Dushanbe toyi 2 1 Dushanbe toyi 2 2

 

Автор: Автандил
           Мургаб-Душанбе

           www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены