Жылкыга арналган элдик фестивал өтөт

Жылкыга арналган элдик фестивал өтөт

Тоо-ташка, ысык-суукка чыдамдуу кыргыз жылкысын сактап калууда француз адистеринин салым зор. Алардын демилгеси менен улуттук музыка семинары өтөт. 15-декабрда Бишкектеги "Ысык-Көл” мейманканасында кыргыз жылкысынын, ат оюндарына байланыштуу улуттук музыканы кайра калыбына келтирүүгө, жайылтууга арналган маданий иш-чара өтөт. Семинарда Кыргызстандын 7 облусунан жана Тажикстандын Мургаб районунан тандалып алынган 25 элдик өнөрпоз, акын өнөрүн көрсөтүп, малчылыкка байланыштуу чыгармаларын аткарып, пикир алмашат.

"Кыргыз аты” ат оюндар фестивалында улуттук ат оюндары: тыйын эңмей, кыз куумай, оодарыш, кунан чабыш, бышты жарыш, жамбы атыш, тайган агытуу, бүркүт салуу жана алман байге ат чабыш мелдештерин төкмө акындар, элдик өнөрпоздор коштоп келишкен.

 

Кыргыз жылкысын сактоо жана калыбына келтирүү боюнча эл аралык кор түзүп, иликтөө иштерин жүргүзгөн долбоордун уюштуруучусу, француз Жаклин Рипардын пикиринде төрт жылдык иликтөөнүн негизинде эки жүздөн ашуун элдик өнөрпоз менен кезигип, өнөрү менен таанышкан.

 

- Кыргызстандын музыкалык "Алтын фондусунда” кыргыз жылкысына байланыштуу байыркы 3 музыкалык чыгарма гана сакталып калган. Айыл жергесиндеги элдик өнөрпоздордун чыгармалары унутта калып, маани берилбей келген. Ошондуктан биздин "Кыргыз аты” корунун жардамы менен элдик музыканы, фольклорду кайра жандандырып, унутулуп бараткан чыгармаларды жыйнап, атайын долбоорду ишке ашыруудабыз. Атадан балага, муундан муунга мурас болуп келаткан кыргыздын улуттук аспаптарын музейге алып барабыз деп алдап, соодалап кеткен шылуундар да болгон экен. Биз кыргыздын элдик өнөрүн эл аралык аренага таанытып, ат оюндары учурунда фольклордук музыка коштоп турса, төкмө акындар күлүктөрдү, саяпкер, чабандестерди кошуп ырдап турса дейбиз. Жаклин Рипар

 

Баткендик чоорчу, карыя Рыспай Закировдун айтымында, кыргыздын нукура жылкысынын тукумун сактоо жана калыбына келтирүүдө иликтөө иштерин жүргүзгөн француз Жаклин Рипардын салымы чоң.

 

Atduburt3-Анын демилгеси менен кыргыздын элдик музыкасынын калыбына келтирүү, кыргыз жылкысы сактоо жана иликтөө иштери жүрүүдө. Жылкы пири Камбарата, төөгө Ойсулата пир болот. Бодо малга Зинги баба пир болот экен. Кой, эчкиге пир болсун деп чоордун коштоосунда Чолпонатаны берген дешет, бабалар. Ошондуктан илгертен бери чоор тартып, мал кайтарып келишкен.

 

Тажикстандын келген төкмө акын Мамасалы Сатаров Мургаб районунда 7 айылда кыргыздар жашап, ат оюндарын өткөрүп, кыргыз жылкысынын тукумун сактап, элдик музыканы да унутпай келатышканын "Азаттыкка” билдирди.

 

Бишкектеги семинарда элдик өнөрпоздор аткарган фольклордук чыгармалар атайын DVD жана CD табактарына жазылып, музыкалык алтын фондго сунушталып, Ала-Тоонун алыскы айылдарындагы мектептерге музыка сабактарына колдонуу үчүн жөнөтүлөт. Жылкы изилдөөчүлөрдүн пикиринде, мындан 3 миң жыл илгери эле көчмөндөр Борбор Азия жана Сибирь аймагында кыргыз жылкыларын минип жүрүшкөн. Ошондуктан күлүктөргө, саяпкер, чабандестерге арналган чыгармалар арбын болгону менен көбү унутта калып кеткен.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены