Топоз, уздар, усталар

Топоз, уздар, усталар

Кыргыздар жашаган бардык аймактарда кол өнөрчүлүгү окшош келет - аттын жабдуулары, шырдак, кийиз, туш кийиз, сайма. Ошол эле мезгилде бийик тоолуу аймактарда табигат шартына жараша бир аз айырмачылыктар байкалат. Памирлик кыргыздардын күнүмдүк турмушунда бүгүн жылкы менен койго караганда, топоз көбүрөөк багылат. Ошондуктан, Taжикстандын Мургаб районунда кол өнөрчүлүктө дал ушул жандыкка байланышкан өзгөчөлүктөр бар.

 

 

 

1Кыргызстандын Алай тоолорундагы чек арасынан өтүп, Тажикстанга кире бергениңизде «Тоолуу-Бадахшанга кош келиңиз» деген жазууну көрөсүз, жазуунун үстүндө дүңкүйгөн кара топоздун элеси турат. Ала-Тоодо кыргыз жылкы жандуу болсо, Мургабда жылкы ордунда топоз. Олбурлуу келип, түтөк дегенди билбеген, кыймылдаганы жай, бирок ойногондо дөңкүлдөп тез чуркаган топозду памирлик кыргыздарда кызыл-тазыл сокмо таар жаап, кадимкидей ээр токуп, күйөөгө берчү кызыл калек кийген кыздай жасалгалап мингендер бар. Териси бир эли келип, жүнү адамдын чачындай кайраттуу болгондуктан, уздар андан таар согуп, алтургай боз үйдүн эшигин жасашат.

 



Топоз, уздар, усталар

 

 

Мургаб жергесинде шырдак, кийиз аз болгон менен, сокмо таарды көп көрөсүз. Тажикстанда бир гана Мургабда асыл таш рубин же лаалдын өзгөчө баалуу кызыл-кочкул түрү чыгат, бирок лаал өндүрүшү борбордон башкарылып, мургабчы зергерлердин колуна тийбейт, жергиликтүү айымдар да андан иймек, шакек тагынышпайт. Айрым мургабчы айымдар соода аркылуу кадимкидей кабелтең оокат кылышат. Алар 420 чакырым алыстагы Оштон азык-түлүк алып келип, жергиликтүү Сары-Кол базарында сатышат. Соодага салыштырмалуу кол өнөрчүлүк уста, уздарга азыноолак гана киреше берет. Ал дагы туризмге көз каранды.

 

Мургабдагы кол өнөрчүлөрдүн ордосу "Памир үйү" деп аталган борбордо. Боз үйдүн формасында салынып, ичи памирликтердин салтында жасалгаланган бул жайда мен «Як Хауз» деп аталган коомдук уюмдун жетекчиси Жумагүл Ибраимованы сөзгө тарттым.

 

Ustalar1Жумагүл Ибраимова: “Як Хауз” коомдук бирикмесинде токсон тогуз пайыз аялдар иштешет, бир ювелир жигитибиз бар, ал күмүштөн жасалгаларды жасайт. Жүз пайызы кол эмгек менен, баары илгерки ыкма менен жасалат. Мургабда асыл таштар чыккан менен, аны иштеткенге жабдык жок болгондуктан, биз шакек, билерикке пластмасса колдонобуз. Улуттук ыкма менен саймаларды саябыз, биздин региондо көбүнчө таар, терме, кажары (кажаарга-кооз шалча) жана башкаларды согушат. Ошондой эле, коомдук уюм оюулардын маанилерин изилдеп, “Каталог искусства восточного Памира” деген китеп чыгардык. Сары-Колдо жашаган аялдар салган оюулардын аттарын билип, маанилерин билишчү эмес. Илгерки биздин чоң апаларыбыз оюуларды табигаттан, жан-жаныбарлардан алган. Мисалы, “Кырк шак” деген оюу бар, биринчи мааниси, четиндеги Манастын кырк чоросу, ортосунда Манас деп айтышат. Экинчи мааниси, дарактардын бутактарындай кырк шакты билдирет. Биздин каталогдо мына ушулар - жаздык, ала кийиз, шырдак, кол өнөрчүлүктүн дагы башка түрлөрү тууралуу да маалымат бар.

 

Жаңыл Жусупжан: Бул жакта ала кийиз жакшы жасалбай калганбы?

 

Жумагүл Ибраимова: Бизде ала кийизди жасашат, бирок таардай көп жасабайт. Ала кийиз он, жыйырма жылга чыдайт, таар андан эки эсе көп убакытка кырк-элүү жылга чейин колдонулат. Эки муунга жетет. Чийден согулган жасалгалар, терме деген таарлардын түрлөрүн да сатабыз.

 

Жаңыл Жусупжан: Булардын түстөрү кызыл-тазыл кооз экен. Кандай боёктор менен боёшот?

 

Жумагүл Ибраимова: Илгери биздин ата-бабаларыбыз чөптөн табигый боёкторду алышкан экен. Жибек жолу аркылуу келген боёкторду колдонушкан. СССР курулгандан баштап химиялык заттарды колдоно башташкан. Азыр курактарды табигый боёктор менен жасап жатабыз.

 

Жаңыл Жусупжан: Табигый боёкту колдонуш кыйыныраак, чөптү терип келип, атайын даярдаш керек, туурабы?

 

Жумагүл Ибраимова: Бул ыкма унутулуп калган, бирок биздин коомдук бирикмебиз долбоор жазып, Түркмөнстандан эксперт чакырганбыз. Ал эксперт биздин аялдарга кайсы мезгилде, кандай чөптөрдү чогултуп, кантип кургатып, кандай боёкторду алыш керектигин үйрөтүп, тренинг өткөрдү, анан азыр ошол ыкманы кайра жандандырып жатабыз. Химиялык заттарга караганда, табигый боёкко боёгон кыйын болгону менен, ден соолукка зыяны жок.

 

Жаңыл Жусупжан: Топоздун жүнүнөн жасалган оокаттар да көп экен.

 

Жумагүл Ибраимова: Ооба, мисалы бул топоздун кылынан жасалган боз үйдүн эшиги. Топоздун тыбытын кийизге кошуп жасайбыз. Көпкө чыдайт. Кумаралар, табак идиштер да сувенир катары сатылат. Акча сала турган капчыктар бар, кардарларыбыздын 80% чет элдик туристтер, көбүнчө жазында келишет, ошолор белекке алышат. Биздин буюмдарды өзүбүздүн кыргыздар башка чет жактарга командировкага, конокко кетип баратканда да белекке алышат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены