Тажиктин кооптуу кылмышкерлерин колго түшүргөн З.Молдалиева түрмөдөгүлөр менен да тил табыша билген (сүрөт)

Тажиктин кооптуу кылмышкерлерин колго түшүргөн З.Молдалиева түрмөдөгүлөр менен да тил табыша билген (сүрөт)

Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун 69 жаштагы тургуну Зинаида Молдалиева жеке юридикалык жардам көрсөтүп келет. Кызмат учурундагы кызыктуу окуяларын аймактык кабарчыга айтып берди.

 

«Мен 1969-жылы мектепти аяктап, Ташкент шаарындагы жогорку окуу жайга тапшыргам. Ал жактан укук таануу бөлүмүн бүтүрүп, Бишкектеги милиция мектебине тапшырдым. 1977-жылы кадр кызматы мени Тажикстандын Мургаб районуна жөнөтүүгө чечим кабыл алды. Ошол убакта турмушка чыккан болчумун. Жолдошум өзү Кыргызстанда окуган. Бирок Мургабда туулуп-өскөн бала болчу. Экөөбүз окуу жайды аяктаган соң, ал жакка барганбыз. Жолдошум милиция кызматкери болсо, мен сот аткаруучу болуп иштеп жүрдүм. 6 жыл сотто иштеген соң, мени милицияга жумушка чакырышты. Натыйжада 1983-жылы милиция кызматкери болуп кызмат өтөй баштадым», - деди ал.

 

Каарманыбыз мыкты иштегендиги үчүн депутаттыкка чейин көтөрүлгөндүгүн айтат.

 

«Алгач паспорттук столдо иштей баштадым. Ал жерге кол жазмасы сулууларды алышчу. Эртең менен эрте туруп, жумушка убагында барууга шашылчубуз. Анткени 1 мүнөт кечиксең, дароо келип акт түзүп коюшчу. Азыркы тапта мамлекеттик кызматкерлердин келип-кеткенин текшерген атайын видеокөзөмөл иштесе, мурда элдик көзөмөл катуу иштечү. Бизде офицердик сот деген бар эле. Бардык актылар каралып, анын ичинде жүрүм-турум тартиби да эске алынып, үлгү болгондорду партияга алышчу. Мен жакшы көрсөткүчтөр менен партияга өтүп, депутат болгом. Мургабдан майор чинин алганда, баарынан да жолдошум абдан кубанган», - деди ал.

 

З.Молдалиева жолдошу менен биргеликте кооптуу кылмышкерлерди кармашкан.

 

«Мургаб районунда милиция болуп иштеп жүргөн кезимди эстесем, жүрөгүм тоо экен. Түндө тревога келсе, жолдошум экөөбүз чогуу кетебиз. Ал жерде чек арачылар менен рейддерде жүрдүк. Наркобизнес менен иштегендердин тобун изилдеп, аларды колго түшүрүү операцияларын өткөрдүк. 1994-жылы Мургабда өз ара чыр башталып, кырдаал аябай курч болду. Ошол жерде жашаган кыргыздар кетебиз деп, көбү массалык түрдө көчүп келишкен. Жолдошум менен кеңешип, биз дагы үй-бүлөбүз менен мекенге кайтууну чечтик. Өтмөктөрдө буюмдарыбызды жолдон кулатып, көп күндө жеттик. Анда биз 4 уулдун ата-энеси болуп калган элек. Ал эми төркүнүмө келбегениме 9 жылдын жүзү болгон», - деди ал.

 

Moldalieva 2 Moldalieva 3

 

Анын айтымында, уулу жана жолдошу каза тапкан.

 

«Өлкөгө жетерим менен Ички иштер министрлигине бардым. Мен Таласка жашайм десем, Бакай-Ата районундагы түрмөдөн чыккандарды текшерүү бөлүмүнө инспектор кылып дайындашты. Ал жерде түрмөдө отуруп, эч ким менен сүйлөшө албагандарга аял башым менен барып, тил табышып, аларды көзөмөлдөп иштедим. Азыр кантип коркпой иш алып барганыма таң калам. Тилекке каршы уулум менен жолдошум каза болуп калды.

 

Милициянын отличниги жана башка бир катар сыйлыктардын ээси болдум. Учурда пенсиядамын. Жеке юридикалык жардам көрсөтүү багытында иш алып баруудамын», - деди ал.

 

24 неберелерин тарбиялоодо жардам берет.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены