Түркиядагы Памир кыргыздары Бүткүл дүйнөлүк IV көчмөндөр оюнуна даярданышууда (сүрөт)

Түркиядагы Памир кыргыздары Бүткүл дүйнөлүк IV көчмөндөр оюнуна даярданышууда (сүрөт)

Түркиядагы кыргыздар көкбөрү боюнча мелдеште Түркиянын атынан чыгышат.

 

Этникалык кыргыздар, Ван провинциясынын Эрчиш районунун жашоочулары өздөрү Түркиянын атынан катыша турган Бүткүл дүйнөлүк IV көчмөндөр оюндарына даярдык көрүшүүдө. Алардын машыгуусу кар баскан аянтта өтүүдө.

 

37 жыл мурда Афганистандын Памир өрөөнүнөн Эрчишке көчүп келген кыргыздар беш миң жыл мурда пайда болгон бул байыркы оюнду сактап калуу үчүн көкбөрү боюнча Спорттук клуб түзүшкөн.

 

Ал эми Бүткүл дүйнөлүк IV көчмөндөр оюндары Түркияда өтөрү белгилүү болгон соң түркиялык кыргыздар мамлекеттин атынан көкбөрү боюнча татыктуу оюн көрсөтүү үчүн жигердүү түрдө машыгууларды башташты. Машыгуулар айылдын четинде жумасына эки ирет өтүүдө. Анда эки команда мелдешүүдө. Улакчылар аттарды мелдешке жакшы даярдоо үчүн баардык шарттарды түзүшүүдө.

 

Улакчылардын бири Рыдван Уфук «Анадолу» агенттигине түркиялык кыргыздар спорттун улуттук түрлөрүн сактап калуу үчүн баардык мүмкүнчүлүктөрдү жасашууда.

 

 

«Биз чет өлкөлөрдөгү көп эле мелдештерге катышканбыз. Анткени өзүбүздүн тарыхыбызды унутпаш үчүн көкбөрүнүн салтын сактоого аракет кылабыз. Дайыма оюн башталар алдында биз эки командага бөлүнгөн менен бир багытта аракет кылабыз», – деди Уфук.

 

Анын айтуусунда, көкбөрү мелдешинде бир топ тобокелчиликтер да бар.

 

«Кээде аттан кулап түшөсүң, мелдештин катышуучулары кээде колун же бутун сындырып алышат. Быйылкы кышта кар көп жаап, жер жумшак болуп калды. Андыктан ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калууга аракет кылуудабыз», – деди Уфук.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены