Сыймык Бейшекеев: Памирден келген мекендештер концертиме күбө болсо дейм

Сыймык Бейшекеев: Памирден келген мекендештер концертиме күбө болсо дейм

Кыргыз маданиятына салмактуу салым кошуп келе жаткан ар бир жараткан чыгармалары кыргыз элинин жүрөгүнүн түпкүрүнөн түнөк таап, канчалаган жаш ырчылардын ийгилигине ортоктош болгон КРнын эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси, белгилүү ырчы Сыймык Бейшекеев менен азын оолак маек курдук.

 

–Саламатсызбы! Жакында Нарын жергесине жеке концертиңизди тартуулаганы турасыз. Даярдыктар кандай жүрүүдө?

 

 

–Саламатчылык. Нарын жерин өзүм дагы абдан сагындым, буйруса даярдык жакшы. Бишкекте сентябрь айында концерт бергенден кийин гастролго чыга элекмин, жаңы ырларды элге сунуштап, андан сырткары Памирден келген мекендештерди дагы көрүп, аларды концертке чакырсам деп жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам.

 

–Концерттериңизде көбүнчө байгелүү белектерди ойнотуп келесиз бул жолу кечеңиздин өзгөчөлүгү эмнеде?

 

–Жок, бул жолку концертте байге коюлбайт. Буйруса келээрки жылда концертти күн жылыганда байге менен баштайбыз.

 

–Аймактарды кыдырып көп жеке концертиңизди берип жүрөсүз, ар бир элдин өзүнүн өзгөчөлүгү болсо керек?

 

–Албетте. Бийик жерди жердегендердин пейли да бийик болуп калат окшойт. Аның сыңарындай Нарын дубанынын эли ушунчалык меймандос, колдо барын аябаган, намыска- мамилеге бек, ыр жандуу эл.

 

syimyk-beishekeev-pamirden-kelgen-mekendeshter 2 syimyk-beishekeev-pamirden-kelgen-mekendeshter 3

 

–Сизди интернетти активдүү колдонуучу катары билебиз. Желедеги сизге айтылган ар кандай сын пикирлерге назар салып турасызбы?

 

–Көбүнчө каалоо тилек, жакшы сөз, бата көп айтылганын билем. Албетте, адам болгон соң арасынан төмөн деңгээлде жазгандарды да окуйм. Бирок, аларга маанай деле чөктүрбөйм. Адам бала кезде жакшы сөз, бата албай, сөгүү- каргыш менен чоңоюп, жан дүйнө жаман кепке сугарылып калса, андай адамдан өмүрү өткүчө андан жакшы кеп чыкпайт.

 

–КРнын эмгек сиңирген ырчысы катары айтсаңыз, учурда ырчыларга наам берүү коомчулукта бир топ талаш-тартыш маселени жаратып келүүдө…

 

–Эми бул менин жеке пикирим менен эле оңолчу нерсе эмес. Бир гана нерсе айткым келет, бүгүн эрте десек, эртең кеч болуп калышы мүмкүн.

 

–Азыр ырчыларды сахнадан эмес, тойлордон көп көрөсүң дегенге кандай карайсыз?

 

–Кыргыз тойду көп берсе тойдон көрөт да ырчыларды, бул нормалдуу эле көрүнүш.

 

–Өткөн күндөрдөн өзүңүзгө кандай сабак алдыңыз?

 

–Өтө көп сабак алдым. Адамга туура мамиле жасашты, үй бүлө, ата – эне, бир тууган, досторго, жасалчу сый – урматты жада калса өнөргө кыянат кылбаганды үйрөндүм.

 

–Эркек жашык болсо демек мээримдүү дегенге кошуласызбы?

 

–Мээрим жашык эместерде деле болсо керек. Көпчүлүк эркектер эл көзүнчө эмес ээн калганда, жакшы китеп окуганда, жакшы ыр күү, же сөз укканда жаш куюлтат. Өткөн кеткенди эстейт, бошойт, мен дагы ошондой учурда жамгырлайм.

 

–Кекчилсизби же кечиримдүүсүзбү?

 

–Ар кандай, майда барат нерсени көз жуумуп кечире алам. Кек сактап ажалың менден дебейм. Жөн гана көңүлдөн өчүрүп коё алам.

 

–Аткарылган жана аткарыла элек максаттарыңыз туурасында айта кетсеңиз?

 

Аткарылгандан аткарыла элеги арбын го. Кудайым өмүр берсе 80-90 жашта жооп берейин бул суроого.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены