Памир даңгыр жолу эң кооз жолдордун катарына кирди

Памир даңгыр жолу эң кооз жолдордун катарына кирди

Кыргызстан менен Тажикстанды байланыштырган Памир даңгыр жолу эң кооз жолдордун катарына кирди. Мындай тандоону National Geographic журналы авто унаа же мотоцикл менен саякаттоого ылайыктуу жолдордун тизмесин түзүүдө аныктаган. Анда сап башында Франциянын Бердон капчыгайы турса, андан кийин 700 чакырым узактыктагы Ош — Хорог жолу кирген.

 

Дүйнөдөгү көз жоосун алган жолдордун алдыңкы ондугуна Франция, АКШ, Норвегия, Оруссия, Кытай жана Кыргызстандын жолдору кирген. Тизмеде Кыргызстандын Ош — Хорог жолу Франциянын Бердон капчыгайындагы жолдон кийин турат.

 

Анда бийик тоолор, жол боюндагы көлдөр жана дарыялар жаратылышынын кооздугу эске алынган.

 

Адистер дүйнөлүк деңгээлде таанымал болгон, географиялык журналдын мындай тандоосу Кыргызстанга чет элдик эс алуучулар менен саякатчыларды тартууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилешүүдө. Анткени өзүнүн калың окурманы бар басылма чет элдиктерге Кыргызстанды жарнама кыла алат. Эл аралык Тянь-Шань туристтик альпинизм борборунун жетекчиси Владимир Комиссаровдун айтымында ата-мекендик туризмди кеңири жарнамалай албай, бул жагынан аксап жатабыз.

 

АКШ, Норвегия, Оруссия жана Кытайдын жолдорун артка калтырган Ош — Хорог жолунун узундугу 700 чакырым. Ал Ош шаарынан башталып, Тажикстандын Хорог шаарына чейин жетип. Андан кийин Тажикстандын борбор калаасы Душанбеге чейин созулат. Бул жол КМШ мамлекеттери ичинен эң бийик тоолу жолдордун бири. Узак жол аралыгында капчыгай, дарыя өңдү жаратылыштын кереметтерин көрүүгө болот.

 

Эске сала кетсек жыл башында Кыргызстан Эл аралык Financial Times басылмасынын тандоосунда Кыргызстан 2016-жылы саякаттоого ылайыктуу делген дүйнөнүн алдыңкы 7 өлкөсүнүн катарына кирген.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены