Ооган кыргыздары билимге суусады

Ооган кыргыздары билимге суусады

Кыргыз өкмөтү ооган кыргыздардын уул-кыздарын алып келип окутууга байланышкан маселелерди чече элек.

 

Буга чейин бийлик өкүлдөрү мамлекеттик экспедиция менен Памирге барган сайын билим алууга көмөктөшөбүз деп убада берип келген.

 

Өткөн айда президент Алмазбек Атамбаев ооган кыргыздарын тарыхый мекенине жапырт көчүрүп келүүгө каршы экенин айткан, бирок балдарын окутууга жардам берилет деп ишендирген.

 

Кыргызстандан атайын топ Памирге соңку жолу былтыр октябрь айында барып келген эле. Ал топтун курамында болгон эксперт Салтанат Бараканованын айтымында, анда билим алууга ынтызар балдардын атайын тизмеси түзүлгөн. Тизмеде алты жаштагы жеткинчектерден тартып 20 жашка чейинки улан-кыздар бар.

 

- Улуу Памирде чоң мектеп салыныптыр, биз былтыр барганда көрдүк. Ооган мугалим ооганча окутат экен. Бирок биздин кыргыздар балдарыбыз кыргыз тилинде окуса экен деп ак эткенден так этишет. Ал жакта көбү паспорт алышкан эмес да. Биз былтыр октябрда барганда, ата-энелери менен сүйлөшүп "Кыргызстанга барып окуйбуз" деген ынтызар балдардын тизмесин алып келгенбиз. Биз менен кошо жүргөн алардын өкмөтүнүн өкүлдөрүнө "буларга паспортторун алып берип даярдагыла, Кыргызстанга барып окутабыз" деп айтканбыз. Азыр алар паспортторун алып даяр турушат. Биздин өкмөт саясий чечим кабыл алып чекит коюлса эле алып келип окутса болот. Бирок бизде кайсы жерде окутабыз, кайсы жакка жайгаштырабыз деген маселе болуп жатат. Алар дагы бул жактын шартына көнүшү керек. Бул оңой эмес маселе да.

 

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров дагы ооган кыргыздарынан кабар алып келген. Ал өкмөттү берилген тапшырманы аткарбай жатат деп сынга алды:

 

- Ушунча жылдан бери бир канча убада берилгени менен бир дагы бала келип окуган жок. Ал жакка Тажикстандын Мургаб району жакын жайгашкан. Ал жерде Манас атындагы кыргыз мектеп бар. Жок дегенде ошол мектепте окутканга жардам берсе болот. Бул маселе президенттик, өкмөт башчылар жана парламент төрагасы деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдө айтылып жатат. Бирок ошол жолугушуулардан кийин ушундай жылыштар болду деген жоопту уккан жокмун. Мен жагдайды жеринен көрүп, абалды талдап парламенттен өкмөткө тапшырманы бергенбиз. Өкмөт келишимдин же меморандумдун долбоорун даярдап, билим берүү министрлери, вице-премьер-министрлер деңгээлинде жолугушууларды өткөрүп, жок дегенде бир-эки кадам алдыга жылышы керек. Азыр алар камырабай эле отурушат. Аларды үмүткөр кылып, эки көзүн төрт кылып жалдыраткандан көрө бар же жок деп айтышы керек.

 

Кыргыз өкмөтү ооган кыргыздардын балдарын окутууга байланыштуу кандай аракет жасалып жатканын айта элек. Өткөн айда президент Алмазбек Атамбаев Орусияга мамлекеттик сапар менен барганда ооган кыргыздары тууралуу сөз кылган. Ошол учурда коомчулукта аларды тарыхый мекенине көчүрүп келүү боюнча байма-бай айтылып жаткан демилгени колдобой турганын айтып, бирок балдарды алып келип окутууга жардам берилет деп ишендирген:

 

- Ооган кыргыздарынын балдарын алып келип окутсак, кайра жөнөтсөк, жардам берсек туура болот. Күчкө салып баарын алып келсек алар чыдабайт. Ошол эле боз үйүн сагынып бир тобу жок болот. Сөзсүз эле көчүрүп келүү керек деген туура эмес. Муну мен эч качан колдобойм, өкмөткө да айттым. Көчүп барабыз дегени менен келгендери абдан аз болот, кыйнабагыла. Бирок балдарын алып келип окуталы, акчалай жардам берели, азыр мүмкүнчүлүктөр болуп жатат.

 

Соңку маалымат боюнча Ооганстанда 1,5 миңдей кыргыз жашайт жана алардын саны жылдан жылга кыскарып жатат. Жашаган жеринин шартынын катаалдагы, өп-чап турмуш, медициналык жардамдын жоктугунан өлүм-житим көп катталат.

 

Түркмөндөрдүн чатыр мектеби

 

Билим алуу көйгөйү Ооганстанды байырлаган түркмөндөрдө да бар. Жакында эле Шор-Арык айылында түркмөн тектүү балдар үчүн чатыр-мектеп ачылды. Аталган айыл Ооганстандын түндүгүндө Балх облусуна караштуу Шордеп районуна карайт жана бул регионду негизинен этникалык түркмөндөр байырлайт.

 

Айрым балдар чатыр-мектепке бир канча чакырым алыс айылдардан да келишкен. Мугалимдин айтымында, үч-төрт бала бир китепти окуганга мажбур.

 

- Биздин мектепте балдарга колубуздан келишинче билим берип жатабыз. Балдарыбыз да тырышып окуп жатат. Ушундай шартта билим берип жатабыз. Биздин жакырчылыктан арылуу боюнча билимден башка үмүтүбүз деле жок.

 

Материалдык кыйынчылыктан сырткары куралдуу топтор коопсуздукка коркунуч жаратып келет. Жергиликтүү тургундар светтик билим алууга, айрыкча кыздардын билим алышына каршы чыккан согушкерлер балдарын окуткан ата-энелерди опузалап да турарын кеп кылышат. Бирок мындай коркунуч билимге суусаган балдарды да, алардын ата-энесин дагы токтотчудай эмес.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены