Мургабдык кыргыздарга китеп керек !

Мургабдык кыргыздарга китеп керек !

Тажикстандагы этникалык кыргыздар колдонуп жаткан окуу куралдар ал өлкөнүн окутуу программасына туура келбейт. Анткени, кыргыз мектептериндеги китеп-дептерлердин баары Кыргызстанда жасалган. Ыңгайсыздыкка карабай этникалык кыргыздардын билим алууну улантып келет.

Тажикстандагы кыргыздардын дээрлик баары тажик тилинен тышкары, өз эне тилинде билим алат. Ошондон улам, көбү  Кыргызстандагы жогорку окуу жайга тапшыргысы келет, бирок баарынын мүмкүнчүлүгү жок, анткени Кыргызстандан саналуу гана орун бөлүнөт. 10-класстын алдыңкы окуучусу Анархан Жунусова келечекте Кыргызстанда окусам деп ниеттенет.

 

Тажикстандын Мургаб районундагы Манас атындагы №9 мектептин окуучусу Анархан Жунусова: “Мен 10-класста окуйм, келечекте адвокат болгум келет. Анан дагы Кыргызстандан окугум келет.”

 

Коңшу тажик өлкөсүндө 56 миңге чукул этникалык кыргыз жашайт, алар Жерге-Тал жана Мургаб райондорунда отурукташкан. Жыл сайын бул жактагы бүтүрүүчүлөр үчүн деп Кыргызстандан билимин улантуу үчүн 28 квота каралган. Бул аздык кылат дейт жергиликтүү мугалимдер.

 

Дагы бир маселе, этникалык кыргыздарга  келип жаткан окуу куралдарынын талапка жооп бербей жатканы. Мисалы, Кыргызстандан чыккан “Алиппенин”  бир нече түрү бар жана авторлору да көп. Тажикстандык кыргыздарга берилген окуу куралдары тажик билим берүү системасына дал келбейт, арасынан бирөө туура келип, ошого басым жасалат. Ошондой эле, Кыргызстандан берилген окуу куралдары да жетишпейт.

 

Тажикстандын Мургаб районундагы  Манас атындагы №9 мектебинин директору Мырзабек  Кенжекулов: “Китептер башталгыч класстарга жетишпейт, жогорку класстарга да жетишпей калат, кээде. Кыргызстандан келген окуу куралдары тажик программаларына туура келбей калган учурлар болот. Көбүнчө темалары.”

 

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан  Бакиров: “Биз жолугуп сүйлөштүк, конкреттүү түрдө кайсы багытта, кандай иштер тууралуу жардам керек маалымат берсе, мен ойлойм мамлекет үчүн китеп менен камсыз кылуу маселе жаратпайт деп.”

 

Тажикстандын Жерге-Тал районунун 90 пайызын кыргыздар түзөт. Мургаб районунда 15 миңден ашуун кыргыз жашайт, бул райондо 14 мектеп болсо, анын болгону бирөө эле тажик тилинде билим берет.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены