Мургабда ат майрамы башталды

Мургабда ат майрамы башталды

14-июлда Тажикстандын Мургаб районунда ат чабыш фестивалы башталды.

Анын алкагында кыз куумай, тыйын эңмей, оодарыш сыяктуу ат оюндары жана айтыш сынагы өткөрүлөт.

Ат оюндары Мургаб районунун 80 жылдыгынын урматына белгиленип, Мургабдын өкмөтү жана кыргызстандык “Кыргыз ат” коомдук бирикмеси уюштурууда. Ага райондун алты айылынан он чакты кыргыз жылкылары жана боз үйлөрү менен келишти.

"Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусупжан да фестивалга күбө болуп жүрөт. Ал фестивалдын жүрүшү тууралуу баяндап берди:

- Бүгүн фестивалдын биринчи күнү өттү. Күн ачык болуп турду. Мургаб жеринен улуу-кичүү дебей ат чабышты көргөнү тегеректегилердин баары чогулду, боз үйлөр тигилди, казанда палоо, мангалда шишкебек. Кыз куумайга ушул тарапта соода иштери менен алек болуп жүргөн бишкектик Үмүт аттуу кыз катышты. Бирок мургабдык жигиттер намысты алдырбай, кууп жетишти.

 

Мургаб Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы, деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте жайгашкан район. Калкынын саны 14 миң, басымдуу бөлүгүн кыргыздар түзөт.

 

Репортажды толугу менен бул жерден угуңуз:


 


 

P.S. Суроттор Жамбулат Чытырбаевтики атайын кыргыз РСЕ\РС тартылган.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены