Мургабда "Ат чабыш-2013" фестивалы өтөт

Мургабда "Ат чабыш-2013" фестивалы өтөт

Тажикстандын Мургаб районунда келерки жылы кайрадан ат чабыш фестивалы уюштурулат. Бишкектеги "Кыргыз аты" корунан кабарлашкандай, Мургаб райондук акимият колдогон иш-чарада адаттагыдай эле салттуу ат оюндары, аламан байге, айтыш, концерт, көргөзмөлөр болот жана боз үй шаарчасы тургузулат.

 

"Кыргыз аты" корунун жетекчиси Жаклин Рипар "Азаттыкка" буларды билдирди:

 

- Мургабдыктар менден келерки жылы да фестивал болобу деп сурашты. Кийин райондун акимине жолуктум, аким туура көрдү. Ошентип фестивал август айында боло турган болду. Мургабдыктар үчүн мындай кароо караңгыда жанган шам чырак сыяктуу, себеби райондо жыл бою башка фестивалдар жок. Ошондуктан биздин фестивал элге жагат деп ойлойм.

 

Ат чабыш фестивалы алгач Кыргызстандын Ысык-Көл, Алай аймактарында болчу, бирок ар түрдүү себептер менен 2009-жылдан бери Тажикстандын аймагында өтүп келатат.

 

"Кыргыз аты" корунун колдоосу менен мургабдык бир нече саяпкер, ырчы, кол өнөрчү келерки кышта Францияда өтө турган «Жылкы фестивалына» катышмакчы.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены