Кыргыз топозунун этин арабдар экспортко сурады

Кыргыз топозунун этин арабдар экспортко сурады

Кыргызстандагы бийик тоо арасында топоз өстүргөн фермерлер үчүн топоз этин бай араб өлкөлөрүнүн бирине экспорттоого жол ачылып жатканын Би-Би-Сиге “Кыргыз топозу” ассоциациясынын жетекчиси Рыспек Абдрасулов билдирди.

 

"Катардан делегация келип, айыл чарба продукциясын, анын ичинде эт сатып алуу жөнүндө сүйлошүп кетишти. Алар бизге ушул жерде эт өндүрүүгө бардык шартты түзүп берели деп айтышты. Лаборатория, комбинат-цех куруп берели дешти. Керек болсо жем-чобүн камсыз кылып, селекция жүргүзүп, сарай салып берели Kg topozdoru2дешти. Ошо өндүрүлгөн продукцияны учак менен Катарга өзүбүз ташып кетебиз, төрт сааттык жол экен дешти", -деди Рыспек Абдрасулов.

 

Топоз чыгашаны эң аз талап кылган, кирешени көп берген тармак. Топоз эки жарым миң метрден жогору бийик жерде жүрөт. Ал дүйнөдө он эки мамлекетте бар, анын ичинде Кыргызстанда бар. Бийик тоодон таза тоют жеген үчүн анын эти витаминге бай, экологиялык жагынан таза, диетикалык касиети чоң , ошон үчүн эл аралык рынокто ага болгон суроо-талап да жогору дешет.

 

Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстандан эт азыктары, анын ичинде топоздун эти дагы аткезчилик жол менен Кытайга, Россияга, Ѳзбекстанга кетип жатат. Бирок мыйзамсыз жол менен сатылган топоздун этинин наркы да төмөн болууда. Ошондуктан “Кыргыз топозу” ассоциациясы аны мыйзамдуу жолго салуунун үстүндө иштеп жатканын айтууда.

 

Кыргызстанда союз маалында топоздун башы 86 миңге чейин жеткен экен. Кийин мамлекеттик мал чарбасы кыйраганда 16 миңге чейин түшүп кеткен эле. Азыркы учурда, айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, топоздун саны кайрадан көбөйө баштап, 26 миңге жетти.

 

Бирок фермерлер малдын санын азайтып көрсөтүп жатышкандыктан, топоздун саны мында да көп болушу мүмкүн. Кара-Кужур өрөөнүндөгу топоз өстүргөн ишкер Таалайбек Баялиевдин айтымында, Нарын өрөөнүндөгү топоздор эле отуз миңден ашат.

 

"Кышында кандай суук болсо да топоз өз жанын өзү багат. Ошондуктан Нарын областы, анын ичинде Кара-Кужур өрөөнү бодо малга жылкы менен топозго өзгөчө көңүл буруп жатат. Буга чейин асылдандыра албай жатканбыз. Былтыр Тажикстандагы Мургаб районунан алтымыш бука алып келишкен. Анын отузу Көлгө кетти, отузу Нарынга берилди",-дейт Таалай.

 

Топоз карышкырга да оңой менен алдырбайт. Карышкыр кол салса, топоздор аны чогулуп алып кубалайт. Бирок топозду төрт буттуу эмес, эки буттуу карышкырлардан кайтарып туруш үчүн көбүрөөк кароо керек. Кыргызстандын эт азыктарын сыртка алып чыгууга тоскоол болгон себептер көп. Атап айтканда эт азыктарынын сапатын дүйнөлүк стандартта аныктаган сертификация, лабораториялар жок, этти иштеткен цехтер, комбинаттар эски, логистикалык борборлор жок. Маркетинг жүргүзүлбөйт. Эң кейиштүүсү ветеринардык кызмат жеткиликтүү эмес. Кара-Кужурда ветеринар жетишпей, мал ылаңы күчөп, фермерлер кыйынчылык тартууда.

 

"Биздин айыл өкмөттө штатта бир эле ветеринар бар. Ал күн-түн иштесе да жетишпейт. Жеке менчик ветеринарлар бар, бирок алар жарабайт. Керек болсо аларды жоюш керек. Дипломду сатып алган жаш балдар ийне көтөрүп жүрөт, бир ийне менен бир короону бүт саяат. Анан кайдан оңолобуз",-деди Таалай.

 

Жаңы жылдын алдында Евразия экономикалык биримдигиние кирүү жөнүндө келишимге кол койду. Бул биримдикке киргенден кийин Кыргызстанга эт азыктарын Россиянын, Казакстандын, Беларустун рыногуна алып чыгууга шарт түзүлөт.

 

Бирок ал үчүн өлкөдө ветеринардык кызматтар, лаборатиялар, логистикалык борборлор биримдиктин стандарттык талабында курулуп чыгууга тийиш. Россия менен Казакстан Кыргызстанга ушул иштерди бүткөрүүгө ар бири 100 млн доллардан бөлүп жатканы жарыяланган.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены