Дин иштери, каада-салт жана улуттук салтанаттарды жөнгө салуу боюча тегерек үстөл

Дин иштери, каада-салт жана улуттук салтанаттарды жөнгө салуу боюча тегерек үстөл

03.08.2017-ж. Бул күнү районубуздун “Ак суу” ГЭСиндеги энергетиктердин ишканасынын чоң жыйын залында ТРнын “Дин иштери, каада-салт жана улуттук салтанаттарды жөнгө салуу” жөнүндөгү мыйзамынын 10 жылдыгына арналган тегерек үстөл болуп өттү.

 

Аталган иш чараны Мургаб районунун төрагасы,Тажикстандын Оли Мажлисинин мүчөсү Жоошбаев Мурзабай Абилакимович өзү ачып, ТРнын “Дин иштери жана каада-салт, улуттук салтанаттарды жөнгө салуу” жөнүндөгү Мыйзамынын кабыл алынышынын 10 жылдыгына карата өлкө борбору Душанбе шаарындагы болуп өткөн жыйындагы Улуттук Биримдиктин не- гиздөөчүсү Улут Ажосу, өлкө Президенти Эмомали Рахмондун бул Мыйзамдын өлкө экономикасына, анын жалпы коомго алып келген пайдасы, элдин социалдык жашоо деңгээлине тийгизген оң таасирлүү жагдайларына, өлкө келечеги үчүн бул Мыйзамга кандай өзгөртүүлөр талап кылынары боюнча сүйлөгөн сөзүнөн келип чыккан кечиктирилгис чараларга токтолду жана бул иш чаранын ишине катышуучуларды активдүү катышууларын суранып өттү.

 

din-ishteri-kaada-salt-zhana-uluttuk 2Андан кийин райондук Өкмөттүн райондук дин иштери каада-салт жана улуттук салтанаттарды жөнгө салуу боюнча секторунун жетекчиси Умар Сатаров сөз алып, эгемендүү өлкөбүздүн аталган Мыйзамынын кабыл алынуу тарыхына, маанисине, анын берене, баптарына токтолуп анын жашоо турмуштагы ролу ж.б. маселелер боюнча катышуучуларга кеңири түшүнүк берди. Тегерек столдун жүрүшүндө райондук ЗАГС бөлүмүнүн башчысы Элмира Татиева, райондук жаштар, спорт жана туризм иштери боюнча сектор башчысы Жанболот Камчыбеков, райондук аялдар иштери боюнча комитетинин башчысы Айгүл Термечикова, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Айша Халмурзаева, редактор Г.Ниязбековдор сөз сүйлөшүп, ар бири мыйзамдын коомго пайдасы жана районубуздагы кээ бир көңүл бурууга зарыл жагдайларга токтолушту.

 

Андан ары райондук дин иштерин, каада-салт жана улуттук салтанаттарды жөнгө салуу боюнча кызуу талкуулар уланды. Маселен; жаш үй бүлөлөрдүн арасындагы ажырашуунун себептери, талак жана нике маселелери, төрөлгөн балдарга өз убагында күбөлүктөр албай жүргөн ата-энелердин жоопкерсиздиги, тойлордогу жана маркум узатуудагы ашыкча чыгымдар, ысырапгерчилик, калың маселеси, кыз ала качуу, сары кол элинин каада-салтында жок көрүнүштөр, гыйбат-ушак, “улууга урмат, кичүүгө ызат” сыяктуу ж. б. маселелери жана кээ бир мыйзам чегинен чыгып кетип жаткан жагдайлар тууралуу кеңири талкуулар, ой-сунуштар айтылды.

 

Ошону менен катар диний иштер жана дүйнөнү чочуткан ИГИЛ, «Ансаруллох», «Салафия», «Хизбутахрир» ж. б. диний агымдар жана ушул сыяктуу террористтик уюмдардын ислам динин каралаган, канкор саясатынан алыс болуу жөнүндө сөз болду. Талкуунун жүрүшүндө суроо-жооптор болуп, катышуучулар; айыл аксакалы Жээнбек Ташбеков, Г. Парманов, имамдар Ыхбалбек Айдекеев, Ы. Олжочиев, Якуб халиф, Болот домулло ж. б. лар өз ой-сунуштары менен сөзгө чыгышты.

 

Тегерек үстөлдүн ишин жыйынтыктоо сөзүндө райондун төрагасы М.А.Жоошбаев катышуучуларга өз алкышын айтуу менен калк арасында аталган мыйзамдын талаптары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, элибизди жаман иштерден оолак болууга чакырды жана элибизге аманчылык, жерибизге тынчылык каалады.

 

Ниязбеков Г.С.

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены