"Балдарыбыз нукура кыргыз болсун"

"Балдарыбыз нукура кыргыз болсун"

Мария Парманова

 

-Сөзүңүздү угуп отурсам, Мургабдан Кыргызстанга балдардын келечеги үчүн көчүп келген турбайсыздарбы?

-Ооба, балдарыбыз үчүн 2003-жылы көчүп келдик. Беш балабыз бар. Кичүүсү бул жакка келгенде төрөлдү. Жолдошум ижарага алып, СТО иштетет. Мен базарга чыгам, үйдө бала багам. Балдарымдын баары мектепте окушат, үйдө бир эле балам калат. Чоң кызым быйыл студент болуп калды. Б.Бейшеналиева атындагы институтта окуйт.

-Мургабдыктар тажиктер менен кыз алышып, кыз беришеби?

-Жок, биз тажиктерге дегеле кыз берген эмеспиз. Тойлоруна да барбайбыз. Алардын дини бөлөк.

 

-Ал жакта жашоо кандай?

-Аба ырайы абдан катаал. 45-50 градуска чейин суук болот. Эч нерсе өспөйт. картошка да өспөйт. Чөптүн бою 10-15 сантиметрге чейин эле өсөт. Уй биздин суукта жашай албайт. Жылкы да чыдабайт. Биз топоз багабыз. Топозду союп жейбиз, унаа кылып минебиз. Уйга караганда сүттү аз берет, бирок коюу, каймак болот. Эки литр сүт бүт эле май. Этинин даамы укмуш, денсоолукка да пайдалуу. Мен өзүм топоз саап, топоз баккан кызмын. Бизде үч эле ай жаз болот, калганы кыш. Свет жок. Отун-суудан аябай эле кыйналдык. Ун Оштон кээде эки эсе кымбат болуп келет. Келишибиздин бир себеби, ушул болду. Экинчи себеби, балдарды ойлодук. Кыргыздар "ачынган курсак тоюнат" деп коет, ал жакта жүрсөк деле оокат өтө бермек, бирок, өз эли-журтубузда жашайлы дедик. Ал жерде балдарды тажик мектебине бериш керек болот. Эгер тажик мектебинде окуса, үйдө канчалык кыргызча сүйлөгөнүбүз менен тилине, динине таасир берет да. Балдарыбыз нукура кыргыз болуп өссүн дедик.

 

-Сиздерге окшоп көчүп келип аткандар көппү?

-Көп эле. Бишкектин өзүндө да бар, Кара-Балта, Сокулук жакта, "Келечек" айылында, Ферма-1, ферма-2 деп коет экен, ошол жакта, Кара-Дөбө айылында бар.

 

-Этникалык кыргыздарга мамлекет жактан колдоо болуп жатабы?

-Айылдарда болуп жаткандыр, бирок мен эч жардам көргөн жокмун. Кыргызстандын паспортун алганбыз, ушул жерлик болуп калдык да.

 

-Мургаб деген сөз эмнени билдирет?

-Тажикчеден сөзмө-сөз которгондо мург - өрдөк, об-суу дегенди билдирет. Дарыяларда өрдөктөр көп жүрүп калат, ошон үчүн болсо керек.

 

-Түпкү тегиңиз каяктан болот?

-Түпкү таякелерибиз Ноокаттан болот экен. Бирок, биз Мургабда туулуп-өскөнбүз.

 

-Агаңыз Султан Парманов дале гезитте иштейби?

-Тажикстан боюнча кыргыз тилинде чыккан бир эле "Сары-Кол" деген гезит бар. Ошону өзү акча таап чыгарат. Уулу - дизайнер, аялы - кабарчы. Эл ичинен таланттарды: комузчу, ырчы, чоорчуларды таап, гезитке чыгарат. "Кыргызстанга кел" десек, келбейт. "Бул ата-бабаларыбыз өскөн жер, Мургабдагы кыргыздарды жоготпошубуз керек" дейт.

 

-Кызыңыз Фируза бийге шыктуу турбайбы?

-2007-жылы, беш жашында Элмира Тезекбаева уюштурган "Баракелде" теле долбоорунда Атайдан кийинки экинчи орунду ээлеген. Калыстар көзүнө жаш алып, биз да сүйүнгөнүбүздөн ыйлаганбыз. Фируза кызым бий ийримине катышат. Азыр мурдагыдан да жакшы бийлеп калды. Быйыл "үйбүлө жана ынтымактын" жылы эмеспи, ошого карата Акжол кызы Фирузанын "Үйбүлө-менин булагым, бала-менин туягым" аттуу концертин Элмира Тезекбаева уюштуруп жатат. Буюрса, балдардын "Сейтек" борборунда, 23-майда өтөт. Балдарым "Тамашоуга" катышканы үчүн Эрмек Нурбаев, "Назик", "Шаттык" бийчилер тобу, Курмангазы Азыкбаев үйбүлөсү менен, сулуулар конкурсунун жеңүүчүлөрү, эл аралык конкурстардын дипломанты Темир Сайдалиев жана башка ырчылар катышат. Эки балам мектеп лигасынан "Тамашоуга" чыгышат. Чоң баламдын командасында беш бала бар. Кайратбек - команданын капитаны. Идеяларын өзү айтып, балдарын өзү даярдайт. Былтыр командасы менен үчүнчү орунду жеңип алган. Кичине балам быйыл мыкты оюнчу наамын жеңип алды. Бокска да барат. 3 жолу биринчиликти жеңип алды. Грамота, медалдары бар.

 

-Балдарыңыздын таланты Мургабда жүргөндө эле байкалды беле?

-Ооба. Бирок, ал жакта окута турган, чыгара турган шарт жок, кесипкөй мугалимдер жок. Мургабда деле ыр жазгандар, комуз черткендер, сүрөт тарткандар бар. Четинен бийлешет, бирок чыга алышпайт.

 

-Туулган жериңизди сагынасызбы?

-Сагынабыз, бирок, кайра кеткибиз келбейт. Балдарды окуталы, ошолордун келечеги деп келдик да.

 

УЧУР газетасы

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены