Аркар баалуу – ал эми илегилекчи?

Аркар баалуу – ал эми илегилекчи?

Тажикстанда эмне үчүн тоо текелерди жана аркарларды коргоо күчөтүлгөн илегилектердин жоголуп бара жаткандыгынаэч ким көңүл бурбайт?

 

Трофей,- башкача айтканда олжо үчүн жапайы жаныбарларга мергенчилик кылуу квалификациясына кирет. Бул багытта мергенчилердин башка себеби эле айрым бир көргүлүктү жаныбарлардын, баалуу белгилери болуп саналат. Мисалы: аркар, текелердин эң чоң, кооз мүйүздөрү. Купи китепке кирген жаныбарларга мергенчилик кылууга айлык атайын квота бекиткен, анын негизинде атайын лицензиялар берилет.

Лицензия үчүн бир катар мекемелердин; коррупциягакаршы күрөшүү Агенттигинен, УКМКдан, илим¬дер Академиясынан, экономика финансы жана юстиция министрликтеринен уруксаттар алынат.

 

Мында ошолор үчүн мергенчиликти уюштуруу боюнча учурда Республиканын мергенчилер Ассоциациясы жана “Мургаб”, “Боми жохон”, “Бадахшон”, Восток (Бардыгы Мургаб районунда) “Барс” (Шугнан) жана “Вохон” (Ишкашим) фирмалары иштеп келүүдө.

 

Жапайы жаныбарларга мындай аңчылык кылуу акы төлөөнүн негизинде жүргүзүлөт. Мергенчилик үчүн жолдомого аны төлөө өкмөт тарабынан бекитилген .

 

Аң улоо жана аңчылык “чарбасы” жөнүндөгү мыйзамдын 17 беренесине ылайык, аңчылык үчүн берилүүчү лицензиялардын акча каражаттары төмөнкүчө бөлүнөт:

-40% жаныбарлар атылган аймактарга пасёлок жана айылдык өзүн – өзү башкаруу органынын эсебине түшүрүлөт. Бул ошол аймактын социалдык, экономикалык өнүгүүсүнө ал жердеги айлана - чөйрөсүн коргоодогу аң – улануучу жаныбарларды көбөйтүү жана аларды натыйжалуу пайдалануудагы иш чаралар¬ды каржылоого жумшалат.

20%и өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактарынын башкача айтканда аң – улоо ошол аймактарда же ага жакшы жерде жүргүзүлгөн болсо ошонун атынын эсебинен которулат.

40%и болсо жапайы жаныбарларды көбөйтүү сиз улоочу алардын жайыттарын түзүүчү материалдык – техникалык база¬ларын чыңдоочу жана башка чыгымдарды жабуучу мамлекеттик органдардын атайын эсебине которулат.

 

Аң – улоо сезонуна (2016-жылдын 1-сентябрынан 2017-жылдын 1-мартына) чейин төмөнкүдөй квоталар бекитилди:

1.Аркар - 85 баш

2.Бухар тоо кою – 7 баш

3.Аюу – 10 баш

 

Аркарга же башкача айтканда Морко Полонун коюн атууга 43 миң сомони, бурама мүйүз эчки атууга 223 миң сомони төлөө керек. Теги сайын сейрек кез¬дешүүчү жаныбарларга болгон аңчылыктын эсебинен өлкөнүн бюджетине 5миллион сомони түшүп турат. Ал эми аң – улоо эрежелерин бузгандар (броконер¬лер) туурасында өлкөнүн айлана чөйрөнү коргоо комитетинин фауна жана флораны пайдалануучу көзөмөлдөө боюнча инспектору Абдукодир Маскоевдин айтуусуна караганда алар өздөрүн ээн эркин сезип жүрүшөт. Алар инспекторлор пайда болгондо бири – бирине эскертип. Аларга каршы экологиялык милиция дагы иш алып барууда, бирок канчалык күч кылганга карабай аларды кармоо өтө кыйын. Бул маселеде жергиликтүү бийликтин, укук коргоо структурасынын, коомчулуктун колдоосу зарыл дейт ал. А.Маскоевдин ай¬туусунда жапайы жаныбарларга мыйзамсыз аң – улоо үчүн атайын айып пулдар бекитилген.

 

Ми¬салы: 2016-жылга карата жапайы жаныбарларды мыйзамсыз аң – уулагандыгы үчүн айып пулдар каралган.

1.Илбирс – 240миң

2.Маркур (бурама мүйүз эчки) – 320миң

3.Акарга – 160миң

4.Сайгакка – 22миң

5.Кызыл бөрүгө – 22миң

6.Сүлөөсүнгө – 22миң

7.Камыш мышыгына – 4,4миң

8.Суурага – 4,4миң

9.Кашкулакка – 600миң


Төмөнкүдөй айып пулдар каралган. Республикада көбүнчө өтө баалу жаныбарлардын жоголуп бара жаткан айрым жаны¬барлар көңүл сыртында калууда. Бул багытта Тажикстандын Азиялар Ассоциациясынынтөрагасы Алихан Лотиринин айтуусуна караганда республиканын аймагында мурдатан жашап келген ак илегилектин (аист) саны азайып кетүүдө. Бул канаттуулар мурда өлкөнүн бардык аймактарында болушка, азы бир эки эле аймакта алардын уяларын көрүүгө болот дейт Алихан Лотифи.


Даярдаган Ш. Жайчибекова

“А.П.№85” алынды

«САРЫКОЛ» пресс

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены