Токтобек Камаров "Ыр сабындагы сагыныч!"

Токтобек Камаров "Ыр сабындагы сагыныч!"

Сары кол көздүн нуру сагынычым ,

Угуп кой уулуңдун тарынычын.

Сагыныч ичке толгон кусалыкты,

Билемин өзүң менен айыгышын.

 

Сааттан күн куралды, күндөн апта,

Аптадан ай куралып калды артта.

Айдан ай мезгилдерди алмаштырып,

Өмүрлөр өтүп жатат алыс жакта.

 

Өзүндөн алыс жүрдүм жылдар өттү,

Көп эстеп көп ойлонуп көңүл чөктү.

Калемим ары бери чиймелеген,

Сагыныч баракчасын ырлар өптү.

 

Бала чак күлгүн курак гүлүм сенде,

Атакем курган уя үйүм сенде.

Канткенде жеткире алам тилим менен,

Ата журт өчпөс сезим сүйүүм сенде.

 

Токтобек Камаров

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.