Түштө ойгоном...

Түштө ойгоном...

Согуш бүттү, келет деген келбедиң,

Элесиңди, караан тутам эрмегим.

“Кара кагаз” алганым жок ал жактан,

Же, дайынсыз... кайсы жерди жердедиң?

 

Суук кабар, бүт айылың кара кийди...

Аргасыздан тагдырына башын ийди.

Каралдым ай, жалгызым, дайның айтчы?

Кай немистин огу келип сага тийди?!

 

Жеңиш менен келем деп айткан элең,

Оо, жалгызым, какшап калды минтип энең. “

Дайны жоктор” санына кошуп салды,

Кагаз да жок, карааның жок, кайда берем.

 

Түштө ойгоном, томсоргон мүрзө турат,

Армандарым Аалам кезип, боздоп кулайт.

Каралдым ай, сагынып күтүп жүрөм,

Ар ар кими дайныңды менден сурайт.

Түштө ойгоном... томсоргон мүрзө турат...

 

KalybekovaКалыбекова Чинар Сеитбековна

Акын, драматург, дастанчы жана актриса

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.