Сен үчүн

Сен үчүн

Көп гүлдөр, гүл арасында бир гүл бар
Ал гүлдүн назиктиги мага жагаар
Жыпар жыты жана жагымдуу
Түбөлүккө мен сагынаар

 

Сүйүү арнап ал гүлгө апапакай
Карай бергем мен гүлүмдү көзүм талбай
Акырындап өсүп чыкты көз уялтып
Ашык болгон мен өңдүү балдар далай

 

Бирок аттиң кетти башка бирөө үзүп
Сынган окшоп чынылар колдон түшүп
Арманда жашап келем жүрөк ыйлап
Унутпайм калсам да өмүр бүтүп

 

Гүлүм азыр шактап-бактап өсүп турат
Өмүрүн жараткандан турам сурап
Соолубасын сүйүүм, арзуу махабатым
Ылайым өсө берсин бактап - шактап

 

У.Ш.А Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.