САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Алтынбүбү Рысмахамат кызы

САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Алтынбүбү Рысмахамат кызы

Айылым алыс калып

Арманга мени салып

Айланам мекен сенден

Адашкан мен бир карып


Өзүнө баргым келет

Өкүнчүм айткым келет...



 

 

Сагыныч айылыма

 

Айылым алыс калып

Арманга мени салып

Айланам мекен сенден

Адашкан мен бир карып

 

Өзүнө баргым келет

Өкүнчүм айткым келет

Өткөрүп бар өмүрдү

Өзүңдө калгым келет

 

Ыраң- Көл айылым сен

Абалтан атам өскөн

Ыраң- Көл ыйык мекен

Эзелтен энем өскөн

 

Мекеним алтын уйам

Сагынып сени турам

Балалык сенде өскөн

Мен сени кантип кыям

 

Айла жок бара албайм

Ден соолук азабынан

Алыстан салам айтам

Болсун деп калкым аман

 

Бозоргон кызыл шамалың

Искээрге бир кызың зар

Боло албай бир тургунуң

Буулуккан бир кызың бар

 

Энекеме

 

Сиз мен үчүн, кол жеткис бийик жансыз

Мээримиңиз жылдыздардай нурлуу сансыз

Кең дүйнөнүн керемети өзүң менен

Энекебай оорубаңыз,кайгырбаңыз,каарыбаңыз

 

Энекем ай жүрөгүмдүн тумарысыз

Күйпөлөктөп жалынып тураарымсыз

Жашоом жарык сиз бар үчүн жолум ачык

Үйдүн куту жанып турган чырагымсыз

 

Жаркылдап мээримини жамгырдай төгөт

Жарашып ай жүзүнө ал күлүмсүрөйт

Мүнөзү аккан суудай аруу таза

Жадырап балдарына амандык тилейт

 

Эсен аман жүрүшүңдү тилейм эне

Бар болуң оорубай жүр бешенеме

Энеке кадырыңа жетээр белем

Жараткан ынсап-топук, ыйман берсе

 

Энелүү жетим эрке жетим анык тура

Эх энекөө өксүтпөдүң эч убакта

Биз үчүн жалгыздыкка башыңды ийип

Жаш өмүрүн өргө карай уладың да

 

Талдап мага көргөзөөр келечекти

Таң калаарлык көсөмдүгү чечендиги

Максаттарга серелеп жетелеген

Талпынтат го энекемдин ар бир деми

Апакем

 

Кантип сыйлап,ак сүтүнду актаймын

Минүт сайын ойлонсом да таппаймын

Канча жумуш, канча түйшүк күч менен

Чоңойттум деп айтсаңыз да танбаймын.

 

Алтын апам жаркылдаган берекем

Майрам күнгө кандай белек берем мен

Арзыбаган белегимдин ордуна

Алкыш айтып ушул ырды берсем дейм

 

Атабыздын мээриминен айрылдык

Түбөлүккө өксүк болуп кайгырдык

Эми жараткан айрыбасын бир сизден

Жараткандан суранып биз кайрылдык

 

Куттуу болсун ушул майрам күнүңүз

Түбөлуүккө кайгырбай өмүр сүрүңүз

Уул кызыңдан урмат сыйга бөлөнүп

Убайын көрүп өзуңүз бирге жүрүңүз.

 

Атакеме

 

Атакем ой жанымсың

Жыргалы элең жанымдын

Атаке сени сагындым

Мынчале неге кайгырттың

 

Өзүңдү эстеп турамын

Көзүмдү жаштап жумамын

Бейишин эстеп күн сайын

Армандуу батаа кыламын

 

Атакем сени ойлоймун

Армандан ыйлап соороймун

Түбөлүк кеттиң алыска

Кош болгун ата коштоштум

 

Жатканың жайлуу топурак

Ак сурпка сени ороду

Акыры аттиң атаке

Дүйнөдө жүзүң жок болду

 

Дүйнөдөн эрте кеттиң ай

Кызыңдын боорун эздиң ай

Кабырда тынч бол атаке

Жараткан берсин бейишти.

 

                       -//-


Алтынбүбү Рысмахамат кызы

Ыраң-Көл айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.